Баш оорунун сиз билбеген 7 себеби

21 ноября 2019 Баш оорунун сиз билбеген 7 себеби

Адамдардын көпчүлүгү баш ооруга көп чалдыгышат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, чоңдордун 50 пайызынын кем дегенде жылына бир жолу башы сыздап ооруйт. Ал эми бул өз кезегинде адамдардын өз милдеттерин ийгиликтүү аткарууга тоскоол болот.

Адатта стресстен, ичимдиктен, суук тийүүдөн же уйкусу бузулган адамдын башы ооруйт. Бирок, баш оорунун сиз билбеген дагы бир нече себеби бар.

Жыт

Дарыгерлердин айтымында, майлоочу майлар, тамеки түтүнү менен атыр жыты баш ооруну пайда кылат. Бир кызыгы, аты аталган заттардын ар бири адамга ар кандай таасир этет. Мисалы, кээ бир адамдар үчүн майлоочу май жытын бир нече мүнөт бою жыттоо жеткиликтүү болсо, башкалар болсо кеми жарым саатка чыдай алышат. Ал эми үчүнчү адамга дал ушул жыт жагымдуу таасир калтырышы мүмкүн.

Гаджеттер

Изилдөөнүн жыйынтыгына таянсак, телефон же компьютер жарыгынын өзгөрүшү көздүн ички тору менен нерв системасын активдештирет. Ал өз кезегинде башты оорутушу мүмкүн. Мындан башка, гаджеттерден бөлүнгөн  “көгүлтүр” түс адам уйкусунун сапатына таасир берет. Бул да баш оорунун себебине айланышы мүмкүн.

Кургактык

Адам организмине керектүү суу көлөмү азайып кетсе да баш оорусуна чалдыгат. Эгер башыңыз ооруп калса, дароо дарыга жүгүрбөй, бир стакан суу ичип көрүңүз.

Татаал чач үлгүсү

Баш терисин тартып туруучу чач үлгүлөрүнүн баш сөөккө салмак келтире турганы белгилүү. Лондондук баш оору клиникасынын изилдөөчүлөрү аялдардын жарымынын катуу тартылган чач үлгүсүнүн айынын баш ооруга чалдыга турганын аныкташты.

Кофеинден баш тартуу

Сиз кофени нормадан ашыкча иче турганыңызды билип, “кофеге каршы” диетага олтурдуңузбу? Дароо эле кофеден баш тарткандан кийин алгачкы күндөрү сиз өзүңүздү чарчаңкы сезип, маанайыңыз түшөт, ал тургай башыңыз ооруйт.

“Кофеин кан-тамырлар системасына физиологиялык жактан таасир этип, тамырларды кысышы же тескерисинче бошоңдотушу мүмкүн. Баш оору ушул менен түшүндүрүлөт”, - деп түшүндүрдү Нью-Йорктук невролог Миа Минен.

Мээнин “иштебей калышы”

Суюк тамак жегенде (балмуздак) же муздак суусундук ичкенде эмне себептен адамдын башы ооруй турганын окумуштуулар ушул күнгө чейин түшүндүрө албай келишет. Жакында Джонсон Хопкинс университетинин окумуштуулары температурага келгенде сезүү жөндөмдүүлүгү жогору нерв системасына байланыштуу болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен.

Көк быштак (көп убакыт мурун өндүрүлгөн быштак)

Ошондой эле, кээ бир азык-түлүктүн түрлөрү баш ооруну пайда кылышы мүмкүн. Алардын ичинде өндүрүлгөнүнө бир аз убакыт болгон быштак, көгөргөн быштак, шарап, салями, лосось балыгы жана туздалган бадыраң бар. Окумуштуулардын ишениминде, аты аталган азыктардын курамында сульфт болгондуктан, адамдын башы ооруйт.