Дубайда үйлөргө уурулукка кирип жүргөн кыргызстандыктар кесилип кетти

20 ноября 2019 Дубайда үйлөргө уурулукка кирип жүргөн кыргызстандыктар кесилип кетти

Быйылкы жылдын февраль айында кыргызстандык үч жаран бош турган виллага кирип, ичиндеги үч сейфти талкалаган. Уурдалган буюмдардын баасы 4 миллион сомдон ашкан.

Дубайда кыргызстандыктардан турган топ престиждүү Палм-Жумейра районундагы үйлөргө уурулукка киргендиги үчүн үч жылга кесилди. Бул туурасында аравиялык Gulf News басылмасы жазды.

Быйылкы жылдын февраль айында кыргызстандык үч жаран бош турган виллага кирип, кымбат баалуу буюмдар сакталган үч сейфти талкалаган. Алар ошол эле күнү Дубайдан учуп чыгып кетишкен.

Уурдалган буюмдарды алар бир аялга калтырып кеткен. Ал 31 жаштагы эркек менен байланышып, берки киши кымбат баалуу буюмдарды алып кетип, 900 долларга өлкөдөн чыгарууга аракеттенген. Анын изи менен Дубай полициясы ууруларды тапкан.

"Сотто ал адам аял менен жолугуп, уурдалган оокаттарды алып, андан кийин башка кыз-келиндер менен кошулуп, өлкөдөн алып чыгып кетүүгө аракет кылганын мойнуна алган. Күнөөлөнүп жаткандарга метариалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтүп, сим-карта менен камсыздап турган", — деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында тартип коргоо органдары төртөөнү тең кармап, ал эми уурдалган буюмдарды ээлерине кайтарып берген. Кыргызстандыктар вилладан алып чыгып кеткен оокаттардын наркы 219 миң дирхам (4 млн. 164 миң 869 сом) болгон.

Дубайдын биринчи инстанциядагы соту кыргызстандыктарды үч жылга эркинен ажыратып, андан соң мекенине депортация кылуу чечимин чыгарды. Ал эми төртүнчү киши беркилерге кошулганы үчүн эркинен ажыратылды.

sputnik.kg