Кыргыз-тажик оюнчуларынын беттешинен кийин тайпадагы рейтинг кандай өзгөрдү?

20 ноября 2019 Кыргыз-тажик оюнчуларынын беттешинен кийин тайпадагы рейтинг кандай өзгөрдү?

F тайпасында Япониянын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Мьянманын жана Монголиянын курамалары бар. 19-ноябрда эки беттеш өттү.

F тайпасындагы орундар бүгүнкү беттештерден кийин бир аз өзгөрдү.

Башында Мьянма Монголияны 1:0 эсебинде утту. Тайпа ичинде акыркы орундагы Мьянма төртүнчү орунга көтөрүлдү. Ал эми Монголия акыркы орунга түшүп калды. Мьянма башында үч оюнда утулуп, эки оюнда жеңишти камсыздады.

Андан кийин Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Алгач Тажикстандын оюнчусу Жахонгир Эргашев 17-мүнөттө эсепти ачса, кыргызстандык футболчу Тамирлан Козубаев 83-мүнөттө эсепти теңеди.

Ошентип, F тайпасындагы рейтингде бардык оюндарда Япония жеңип, 12 упай топтоп биринчи орунда турат. Ал эми Кыргызстандын курамасы мелдештердин айырмачылыгынан улам Тажикстанды артта калтырып, экинчи орунду ээледи. Эки команданын эсебинде 7ден упай бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши кандай болгонун онлайн репортаждан окуңуз.

sputnik.kg