Өгөй ата 5 жаштагы кызын муунтуп өлтүрүп, аны көөмүп салган

19 ноября 2019 Өгөй ата 5 жаштагы кызын муунтуп өлтүрүп, аны көөмүп салган

Крымда 5 жаштагы кызды өгөй атасы өлтүрүп, аны көөмүп салган. 

Анда өгөй ата кызы тил албаганы жана атасы катары көрбөгөнү үчүн өлтүргөнүн тергөөчүлөргө айтып берген. Ал эми кыздын көмүлгөн видеосун Орусиянын тергөө комитети жарыялады.

Кылмышка шектүү кыздын жансыз денесин автоунаанын арткы орундугуна салып, үйдөн алып чыккан. Кыздын апасы Кытайда жашап, иштейт. Ал күйөөсү менен ажырашмак болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Окуя ушул жылдын 12-ноябрында катталган. Тергөөчүлөр кыз муунтуп өлтүрүлгөнүн тастыкташкан. Кызын өлтүргөн өгөй ата Украинага качып кетүүгө аракет кылып, бирок чек арадан өтө албай калган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, шектүү 14-январга чейин камакка алынды.

reporter.kg