Атасы баласын сатып, андан түшкөн акчаны интернеттеги интим кызматын көрсөткөн кыздарга жумшаган

19 ноября 2019 Атасы баласын сатып, андан түшкөн акчаны интернеттеги интим кызматын көрсөткөн кыздарга жумшаган

Кытайдын жараны өзүнүн баласын сатып жиберип, анын акчасын интернеттеги кыздарга жумшаган.

Ушундай ишке барган кишинин айтымында, аялы жоголуп кеткенден кийин, уулу менен кызын багуу кыйынга турган. Акча жетишпегендиктен, ал балдарын сатып жиберүүнү туура көрөт.

Ушул жылдын башында балдардын атасы менен Фучжоу шаарынан жубайлар кабарлашып, бала асырап ала тургандыктарын билдиришкен. Мындан кийин алар февраль айында жолугушуп, кызды 80 миң юанга сатып алышкан. Акчаны колго алгандан кийин атасы кызды жаңы ата-энесине тапшырып, баланы багып алуу тууралуу келишимге кол койгон.

Май айында кыздын өгөй ата-энеси кызга документ жасатар кезде жасалма күбөлүк көрсөтүшкөн. Натыйжада бул иш тууралуу укук коргоо органдары билип калат.

Ал эми кызды сатып жиберген ата тапкан акчасын интернетте виртуалдык интим кызматын көрсөткөн кыздарга коротуп салган. Азыркы учурда бала сатуу менен алектенген атага жана кызды сатып алган жубайларга карата иш козголуп, каралып жатат.