Эпиляция менен депиляция: экөөнө кам көрүү эки башка

18 ноября 2019 Эпиляция менен депиляция: экөөнө кам көрүү эки башка

Денедеги түктү алдыруу – азыркы учурда кеңири тараган косметикалык процедуралардын бири. Анын кандай түрү колдонулбасын (кырынууга арналган түзмөк, ысык мом, шекер ыкмасы), дененин сезгенишине өбөлгө түзөт.

Дененин сезгенишинен мурун эпиляция менен депиляциянын айырмачылыгы тууралуу билип алсак. Эпиляция – лазер же электроэрилятордун жардамы менен түктү түбү менен жоюу, ал эми депиляция түктүн бетин гана депилятор кремдери менен алуу.

Бул процедурадан кийин дененин дүүлүгүүсү кадимки көрүнүш. Ошентсе да, анын негизги себептери төмөндөгүлөр:

  • Жаракат алуу: депиляцияны туура жасабаган учурда дене жеңил жаракат алып калышы мүмкүн.
  • Тазалыкты сактабоо: денедеги түктү алар алдында болушунча тазалыкты сактап, териге кир заттарды тийгизбеген туура.
  • Аллергия жаралышы: кээ бир кремдер териде терс реакция жаратышы мүмкүн. Аллергия таасиринен сүйкөлгөн жерлер бир нече күнгө чейин жабыркап жүрөт.

Дүүлүгүүнү болтурбоо үчүн эмне кылуу керек?

Жалпы тери дүүлүгүп, оорчулукту сезбеш үчүн сактык чараларын депиляцияга чейин жасоо керек. Анткени, андан кийинки иштер жардам бербеши мүмкүн.

  • Териге дайыма кам көрүү. Аба ырайынын таасиринен да биздин терибиз зыян тартат. Ошондуктан, жума сайын кеминде 1 жолу денеге арналган маскаларды колдонуп туруу керек.
  • Терини нымдаштыруу. Теринин кургактыгы, өтө майлуу болушу да жакшы эмес. Жалпы балансты сактоо үчүн атайын майлоочу майлардын пайдасы зор. Ал эми жеңил жолу – душтан чыккандан кийин, териге милдеттүү түрдө крем сыйпоо.
  • Абсорбциялоо. Адатта түктү жоюнун алдында денеге тальк порошогун сепкен туура. Теринин болушунча кургак болгону жакшы, анткени канчалык ным болсо, ошончолук тери зыян тартат.

Депиляциядан кийинки кам көрүү.

Депиляцияны устара же депилятордук крем менен жасай турган болсоңуз, артынан азыктандыруучу, тынчтандыруучу крем сыйпоо керек.

Ал эми эпиляциядан кийин тескерисинче, бир күнгө чейин суу менен сыйпоочу майлардан оолак болгон туура.