Жыныстык катнаш: кимде канча ирет болушу керек? (18+)

14 ноября 2019 Жыныстык катнаш: кимде канча ирет болушу керек? (18+)

Азыркы учурда канча ирет кошулууга чамаңыз бар?

Жубайыңыз менен арадагы “ысык” карым-атнаш али да алоолоп турабы, же бир төшөктүн алдында уктаганга эле сүйүнүп жүрөсүзбү? Жубайлардын ортосундагы индимдик мамилени алардын жаш өзгөчөлүгү дагы “башкарарын” билесиз да? Ооба, сиздин төшөктөгү күч-кубатыңыз ден соолугуңуз менен жашыңызга байланыштуу.

Изилдөөлөргө таянсак, 30 жаштагылар жыныстык катнаш менен жумасына 2 жолу алектенишсе, 40тан ашкандар жумасына 1 жолу, кээде гана 2 жолу алектениши мүмкүн. Ал эми жашы 50гө таяп калгандарда жыныстык катнаш солгундап, 2 жумада 1 жолу болуп калышы мүмкүн.

Демек, ар бир адамдын жыныстык катнашка болгон каалоосу анын жашына түздөн-түз тиешелүү. Мына ушун үчүн жыныстык кошулуу жаштарда көбүрөөк болот.

60 жаштан ашканда

60 жашында эркек аттан түшпөсө, аял кылыктанып турса, бул өтө жакшы көрүнүш. Анын үстүнө бул жаштагылар “төшөктөгү иштерди” айына 2-3 жолу аткарып турса, өтө жакшы көрүнүш болот. Демек, ден соолугу мыкты дегенди билдирет.

Статистика боюнча, 60 жаштан ашкандардын 70 пайызы мындай көрүнүшкө жете алышпайт.

Акыркы 15 жылды 60 жаштан ашкандардын арасында жыныстык катнашка баргандардын саны көбөйгөн

40-50 жаштагылар үчүн

40тан ашып, 50гө бет алып кандангар жумасына 2 жолу кошулганы кадимки көрүнүш болуп саналат. Бул жашта турмуш-тиричиликке берилип кеткендиктен, жыныстык катнашты унутуп койгондор көп болот. Андайларда секс жумасына 1 гана жолу болуп турат. Бирок, ден соолук менен никени сактап калуу үчүн кошулуп турган туура.

Анан да, пенсияга чыкканда дагы ырахат алып жашоону кааласаңыз, 40-6 жаштын аралыгында жыныстык кошулууну адат кылыңыз.

44тан ашканада эркектердин бел кубаты төмөндөп кеткендиктен, аны калыбына келтирем деп ар кандай дары-дармектерди колдонгондор да бар. Бирок, ал дагы ден соолукту начарлатат.

25-40 жашта жыныстык катнашты калыпка салып алуу керек. Ушул жаш аралыгында ар бир адамдын турмуштук шериги дагы калыптанышы зарыл. Бул жаш аралыгында секс жумасына 4төн кем болбошу керек экен. 5-6 ирет болсо, мыкты көрүнүш.

20-25 жаш аралыгында

Бул жаштагылардын көпчүлүгү туруктуу шерик таба албагандыктан, жыныстык катнаш ойдогудай боло бербейт. Эгер үй-бүлөлүү болсо, жумасына 5-6 жолу сүйүү кумарына батуу кадимки көрүнү болот.

Жыныстык катнаштын саны эмес, сапаты маанилүү. Төшөктү канча жолу сапырганың эмес, анын канчасы чыныгы ырахат тартуулады? Кайсы жаштагысын эстегенде денеңиз ысып, жүзүңүзгө кан жүгүрөт? Мына ошол маанилүү.

Демек, кайсы жашта болбосун, жан шеригиңизге чыныгы ырахат тартуулай билүү керек.