Бишкекте дүкөндү карактады деп үч жигит, бир кыз кармалды. Сүрөт

14 ноября 2019 Бишкекте дүкөндү карактады деп үч жигит, бир кыз кармалды. Сүрөт

Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда жанынан пневматикалык тапанча ок-дарылары менен табылган.

Борбор калаадагы дүкөндү карактоого шектелип үч улан менен бир кыз кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИБден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2-ноябрда шаар тургуну милицияга кайрылып, 5-кичи райондогу дүкөнү каракталганын айткан. Анын ичинен төлөм терминалын талкалап 60 миң сом, ошондой эле 70 миң сомдук тамеки жана спирт ичимдиктерин уурдалганын айткан.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен сотко чейин тергөө башталды.

Шектүүлөрдү кармоо учурунда жанынан пневматикалык тапанча ок-дарылары менен табылган. Төртөө тең тергөө абагына киргизилди.

Бишкек милициясы ушул адамдардан жабыркагандар болсо төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууну өтүнөт: (0700) 10-27-07, (0553) 10-21-91 жана 102.