Галстук тагуунун зыяндуу жагын билесизби?

14 ноября 2019 Галстук тагуунун зыяндуу жагын билесизби?

Немис окумуштуулары галстук тагуу баш мээдеги кан айланууга терс таасир этерин аныкташты. Изилдөөнүн натыйжалары Neuroradiology журналына жарыяланды.

Шлезвиг-Голштейн университеттик оорукананын адистери галстук күрөө тамыр менен уйку тамырын кысып, организмге терс таасир этет деген жыйынтыкка келишти.

Изилдөө иштерине 30 адам катышты. Алардын жарымына галстык байланып, магниттүү резонанстуу томография жасалды. Калгандары да текшерүүдөн өттү, бирок галстуксуз.

Изилдөөнүн натыйжасында галстук мээдеги кан айланууну кыйла төмөндөтөрү аныкталды.

Дарыгерлер төмөндөгүдөй маселени көтөрүп, коңгуроо кагып жатышат: көптөгөн компаниялар менен адистик ээлерине дресс-код милдеттендирилген жана анын ичинде галстук менен жакалуу көйнөк бар. Бирок, жумуш берүүчүлөр алардын зыяндуу экенине баш катырышпайт.