Аял алгач эки баласын терезеден ыргытып, андан кийин өзү секирип кеткен

12 ноября 2019 Аял алгач эки баласын терезеден ыргытып, андан кийин өзү секирип кеткен

Москвада аял балдары менен өзүнө кол салды.

Кайгылуу окуя 11-ноябрда таң эрте болгон. 36 жаштагы Людмила Соколованын кичүү кызы жасалма жол менен тамактанчу. Кызы акыркы күндөрү жасалма тамактарды жебей, акчалыктан ыйлап, энесинин тынчын алат. Айласын таппаган эне бир нече жолу тез жардам чакырат. бирок тез жардамдын кызматкерлери педиатрга кайрылгыла деп кеңеш беришет. Акыркы жолу аял тез жардамга терезеден секирерден бир мүнөт мурда чалат.

Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, аял терезеден алгач балдарын ыргытып жиберип, андан кийин өзү секирип кеткен. Тез жардам келген учурда 6 жаштагы баласы тирүү болот, азыр анын өмүрү үчүн дарыгерлер күрөшүп жатат.

Учурда Жазык кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.