Бишкектин чок ортосуна 35 млн. сомго бала бакча курулат. Эскиз

12 ноября 2019 Бишкектин чок ортосуна 35 млн. сомго бала бакча курулат. Эскиз

Бала бакча 2010-жылдагы апрель окуяларында өрттөнүп кеткен салык инспекциясынын имаратынын ордуна курулат.

Бишкектин чок ортосуна 35 миллион сомго муниципалдык бала бакча курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бакча Тыныстанов көчөсүндөгү (Токтогул менен Москва көчөсүнүн ортосу) мурдагы Биринчи май райондук салык инспекциясынын имаратынын ордуна курулат. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт.

"Подрядчы компания курулуш иштерин келерки жылдын сентябрь айында бүткөрүүнү убадалады. Демек, 2020-жылы күз айларында бакча балдарды кабыл алып баштайт", — деп мэриядан билдиришти.

Мектепке чейинки мекеме 100 балага ылайыкталган. Эки кабаттуу имараттын аянты 1216 чарчы метрди түзөт.

Бала бакчаны долбоорлоо жана куруу боюнча буйрукка үстүбүздөгү жылдын жай айында мэр Азиз Суракматов кол койгон. Подрядчы — "Эм Эс Билдинг" компаниясы.

sputnik.kg