1981-1996-жылдары туулган адамдар эрте көз жумушу мүмкүн экендиги айтылды

11 ноября 2019 1981-1996-жылдары туулган адамдар эрте көз жумушу мүмкүн экендиги айтылды

1981-1996-жылдар аралыгында дүйнөгө келген адамдардын ден соолугу тез начарлап, алардын өмүрүнүн узактыгы кийинки муунга караганда алда канча кыска болот экен. Бул тууралуу АКШнын Blue Cross Blue Shield Association уюму айтып чыкты.

Окумуштуулардын айтымында, ушул жылдар аралыгында туулган муун гипертонияга, холестериндин жогорку деңгээлине, стресске, гиперактивдүүлүк менен чылым чегүүнүн зыяндарына эрте чалдыгышат. Алардын өлүм деңгээли кийинки муунга караганда 40 пайызга өскөн. Изилдөөчүлөр келечекте мындан улам ден соолукту сактоого корото турган мамлекеттин чыгымдары көбөйүмү мүмкүн экендигин айткан.

ден соолуктун начарлашы жумуштун токтоп калуусуна алып келиши толук мүмкүн, бул абал экономиканы артка тартат.