Төртөө мүрт кеткен. Акжолтой Канат уулу каза тапкан кырсыктын чоо-жайы айтылды

11 ноября 2019 Төртөө мүрт кеткен. Акжолтой Канат уулу каза тапкан кырсыктын чоо-жайы айтылды

Кырсык Кочкор районуна кире берген жерде түнкү саат 00:45тер чамасында болуп, төрт адамдын мүрт кеткени айтылат.

Төкмө акын Акжолтой Канат уулу отуруп бараткан машина жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жол кырсыгынан төрт адам набыт болуп, бирөө ооруканага жеткирилген. Анын арасында Акжолтойдун жубайы да болгон.

"Кырсык 11-ноябрга караган түнү саат 00:45тер чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 218-чакырымында болгон. Subaru Impreza үлгүсүндөгү машина Ысык-Көл облусунан Кочкор районун көздөй бара жатып, каршы тилкедеги North benz жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаанын 27 жаштагы айдоочусу, 26 жана 19 жаштагы эки жигит, болжол менен 25 жаштагы кыз мерт болгон", — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгы боюнча катталган материалдар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен кырсыктан жабыркаган адам Кочкор райондук ооруканасына жеткирилгенин билдирди. Азыркы тапта ал өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Акжолтой Канат уулунун жакындары ал келинчеги менен Кочкор районуна тойго бара жатканын айтышууда. Жанында тамада жана ырчы жигиттер, Кочкордун Теңдик айылынын дагы бир тургуну болгон.

sputnik.kg