Студент кыз өлөр алдында агасы менен сүйлөшкөн. Агасы Сергейдин сөзү боюнча, карындашы ыйлап, чогуу жашаган жигити Олег Соколов урду деп даттанган. Себеби, кыз туулган күнгө бармакчы болот. Ал эми сүйүктүүсүнө бул ою жаккан эмес.
Россиядагы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин көз жумган студенти Анастасия Ещенко өзүнүн мугалими Олег Соколов менен кыз-жигит болуп жашап жүрүшчү. 8-ноябрга караган түнү кызганычтан улам Олег Анастасияны тапанча менен атып өлтүрүп коёт.
Андан кийин кылмышын жашыруу максатында кыздын денесин кескилеп бөлүп алып, аз-аздан кутулууну тура көрөт. Бирок, кыздын колун сууга агызам деп жатып өзү сууга түшүп кетет. Аны полиция кармап алып, үйүн тинткен учурда кыздын кесилген башы, денеси, травматикалык курал табылган.
«Ал карындашымды кемсинтип келген. Акырында уруп жибериптир. Карындашым буюмдарын алып, жатаканага чыкмакчы болуп жаткан», - дейт кыздын агасы.