Нур-Султан шаарында 15 сааттан бери жарык жок. Суу менен жылуулук да өчтү

11 ноября 2019 Нур-Султан шаарында 15 сааттан бери жарык жок. Суу менен жылуулук да өчтү

Шаардыктардын үйүндө суу менен жылуулук да токтогон. Авариянын кесепетин жоюуга беш бригада аракет кылып жатат. Учурда Нур-Султанда -10 градус суук болууда.

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында 15 сааттан бери жарык жок (түнкү саат 2.00дөн бери). Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ага ылайык, авариядан улам президенттин резиденциясы, Nur Otan партиясынын имараты, "Байтерек" монументи жана жети көп кабаттуу үй жарыксыз калды. Жалпысынан шаар боюнча 25 объектиде электр энергиясы жок.

Анын кесепетинен Нур-Султандагы соода жайлары, бизнес борборлор жана супермаркеттер жабылган. Социалдык тармактын колдонуучулары бир катар тойлор үзгүлтүккө учурап, ишкерлер зыян тартып жатканын жазышууда.

Андан сырткары, шаардыктардын үйүндө суу менен жылуулук да токтогон. Авариянын кесепетин жоюуга беш бригада иштеп жатат. Учурда Нур-Султанда -10 градус суук.

sputnik.kg