Картайганда жыныстык катнаш менен алектенүү мээнин ишин жакшыртып, унутчаактыкты жеңет

11 ноября 2019 Картайганда жыныстык катнаш менен алектенүү мээнин ишин жакшыртып, унутчаактыкты жеңет

Сүйүү, өбүшүү – жаштарга караганда жашы өтүп бараткандарга бир топ пайдалуу. Чыныгы өбүшүүдөн алакандар тердеп чыгышы керек...

Махабат кайсы жашта болбосун керек сезим. “Картайганда кайдагы махабат?” десеңиз жаңылышасыз. Ооба, жаш өткөн сайын сезим сууп, бирок ал өзгөчө жылуулукка айланышы мүмкүн. Адатта, аялдын сексуалдык каалоосу 35 жашка чейин гана болсо, андан кийин каалоо такыр өчөт дегенди билдирбейт. Дагы 20-30 жыл каалоосу сакталып калат.

Кызыктуу маалымат:

Дүйнөдө аялдардын үчтөн бир бөлүгү 60 менен 80 жаштын ортосунда күйөөлөрү менен жыныстык катнашты сактап калып, жаш кездегидей оргазм да ала алышат.

Үй-бүлөлүк өмүрүндө бактылуу болгон адамдын өлөр алдындагы каалоосу ысык жана таттуу өбүшүү болот экен.

Өбүшүү?!

Негизи өбүшүүнүн тарыхы тереңде. Өбүшүү – адатта жолукканда жана коштошкондо орун алат. Кээде эрктүү, кээде эрксизден болот. “Кандай өбүшүү керек” деген суроо да көп болот.

Изилдөөлөргө караганда, өбүшүүнүн орточо узактыгы 12 сексунд экен, аны үчүн беттин 34 булчуңу катышат. Кан айданып, гормондор бөлүнгөн бул учурда 20 ккал “күйүп” кетет.

Ал эми баягы Камасутрадагы маалымат боюнча, чынышы өбүшүү учурунда алакандар тердеп кетиши керек.

Жаш өткөн кезде сүйүүнүн, өбүшүүүнүн кереги барбы?

Пайдасына келе турган болсок, жаш кездеги өбүшүүгө караганда, улгайганда сүйүү, өбүшүү алда канча пайдалуу. Картайганда жыныстык катнаш менен алектенүү эң биринчи мээнин ишин жакшыртып, унутчаактыкты жеңерин немис окумуштуулары аныкташкан. Жыныстык катнаштан эрте кол өзгөндөргө караганда сезими, махабаты ашып-ташып тургандарда акыл-эс айырмачылыгы асман менен жердей. Жыныстык катнаш менен алектенип жүргөндөрдө эс тутуму мыкты болуп чыккан.