САУЛ АБРАМЗОН: КЫРГЫЗ ЭЛИНИН АҢЧЫЛЫГЫ

10 ноября 2019 САУЛ АБРАМЗОН: КЫРГЫЗ ЭЛИНИН АҢЧЫЛЫГЫ

Байыркы мезгилдерде эле кыргыздардын ата-бабаларынын негизги кесиптеринин бири болуп келген аңчылык XIX кылымдын башталышында деле кыргыздардын эмгекчи чарбаларында кыйла жөлөк-таяк болгон тармак бойдон кала берген. Элдик оозеки чыгармаларда жана аңыз кептерде мергенчилер айрым учурларда кедей айылдарды жана чакан жамааттарды эт менен жан сактатып келишкендиги жөнүндөгү эскерүүлөр сакталып калган.

Алгыр куштардын жана куралдардын жардамы менен аңчылык кылышкан, тегерек темир капкандар салышкан жана тузак, кылтак тартышкан, буктурмалар жасашкан. Октябрь революциясына чейин милтелүү мылтык, кара мылтык жана алтайдын таш мылтыгы (буттары жыгачтан жасалган) кыйла кеңири тараган, бирок пистондуу куралдар жана бардаңкелер да болгон. Кулжага, тоо эчкиге, эликке, аюуга, карышкырга, түлкүгө аңчылык кылышкан; XIX кылымдын биринчи жарымында маралдарга аңчылык кылуу кеңири тараган, жылдын белгилүү бир мезгилинде атылып алынган маралдын мүйүзү Кытайда жогору бааланган, аларды кытай көпөстөрү кыргыздардан сатып алып кетип турушкан. Кыргыздардын чебер, көзгө атаар жана чаалыкпаган мергенчилер катары аты чыккан.

Мергенчилер койчулар сыяктуу эле тоодо жүрүш үчүн бутуна тай туяк кийишкен. Алар ошондой эле терең кардын үстүндө жүрүү үчүн төгөрөк же төрт бурчтук формадагы лыжаны — жалпак, чаңгыларды, аскаларда жүрүү үчүн темир чокойлорду колдонушкан.

Алгыр куштар менен аңчылык кылуу кыргыздарда эзелтеден эле кеңири тараган кесип болгон. Алгыр куштар катары бүркүт, ителги, шумкар салышкан, аларды аябай жеткилең тапташкан. Негизинен бүркүт салып аңчылык кылуунун промыслолук мааниси болгон, бүркүткө түлкү, кээде карышкыр, элик алдырышкан. Жапайы куштарга ителги жана шумкар салып аңчылык кылуу негизинен көңүл ачуу, көбүнчө феодал ак сөөктөрдүн сейилдөөсү катары каралган. Кыргыздар эзелтеден эле тайган кармашкан, ал түлкүнү жакшы алат. Тайгандар жаныбарларга ууга чыкканда да пайдаланылган. Кыргыздарда мергенчиликке бата берүү ырымы болгон. Ар түрдүү жаныбарларга, илбирстерге тосот уюштуруу колдонулган.

Кыргыздарда кечээ жакынга чейин эле сакталып келген чогулуп аңчылык кылуу бөтөнчө кызыгууну туудурат. Негизинен жапайы ача туяктууларга ошондой аңчылык кылууга чыгышкан. Аңчылык кылуунун мындай тиби жөнүндөгү маалыматтар биринчи жолу 1948-жылы жарыяланган болучу. Ал макала ошондой чогулуп аңчылык кылууга өзү катышкан автордун көргөндөрүнүн жана кыргыздын эски каада-салттарынын белгилүү билерманы Абдыкалык Чоробаевдин айтып бергендеринин негизинде жазылган эле.

СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы жана СССР Илимдер академиясынын этнография институту 1946-жылы уюштурган этнографиялык экспедиция Борбордук Тянь-Шандын райондорунун биринде — Тогуз-Торо районунда иштеп кайткан болучу.

Ошол күндөрдүн биринде аңчылык кылууга катышуучулардын бир тобу таң атаардан алда канча мурда «Дөдөмөл» колхозунан чыгып, Нарын суусун бойлой, Ак-Шыйрак тоосунун каршы бет маңдайында созулуп жаткан тоо кыркаларын беттеп, түштүк-батыш тарапты көздөй жөнөп калдык. Он бир адамдан (алардын үчөө — экспедициянын кызматкерлери болучу) турган бул топто Абдылдабек Монгошев (лакап аты Ак-Көз), Жаналы, Борбу жана Аж деген тажрыйбалуу төрт мерген бар эле. Эки сааттан көбүрөөк убакыт бою бийик тоонун тик бети менен өргө жүрүп отурушту. Мергенчилер 3000 метрге жакын бийиктикке чыгышкандан кийин, эртең мененки саат 6,30да 6 тоо текеден турган алардын биринчи тобун көрүштү, ал текелер асканын бир борчугунан экинчисине шашылбай секирип өтүп отурушуп, бир оокумда көрүнбөй калышты. Мергенчилер андан ары жол улашып, бир чокуга жетишти, ал жерден туш тарабын тоо курчаган, көк тулаңга бөлөнгөн жайлуу чакан колот жакшы көрүнүп турду. Мында 15—20 чакты келишкен текелерди дүрбүдөн даана көрүүгө болот эле. Алар бир ордунан экинчи орунга өтүп, бирде түп-түп болуп чыккан бадалдардын далдаасынан көрүнбөй калып, капарсыз оттоп жүрүштү. Аңчылардын экөө аларды айланып өтүп, айдап келүүгө жөнөп кетишти, башкалары орундарында калышты. Арадан жарым саат өткөндөн кийин мергенчилердин бирөө далдааланып улам бир аз чуркап коюп келе жатканын, анан бир маалда текелерди айланып өтүп, түздөн-түз текелердин жанына жакын жерге келип калганын көрдүк. Аңгыча мылтык бир нече жолу катары менен атылып калды, текелер ошол замат көздөн кайым болушту.

Биз шапа-шупа төмөн түшүп, бир чакан жайыкка келдик. Мындан көп өтпөй эле алиги атып алынган текелерди сүйрөп келе башташты. Көрсө, чогуу аңчылык кылуу тартиби бир аз бузулуп калган экен, анткени «айдоочулардын» бири, Ак-Көз беш текени тобунан бөлүп калыптыр. Ак-Көз мергенчилик кумарын токтото албай жана жагымдуу кырдаалдан пайдаланып, текелерди андан ары туюкка камоого айдабай эле үч текени атып алыптыр. Ак-Көз өзүнүн районунда таякеси Каакы Матыбаев жана Медет Азаматов сыяктуу эле кеңири белгилүү адам экен. Бул көзгө атаар мергендердин ар биринин эсебинде жүздөн жана андан көп атып алынган ири аңдар бар. Ак-Көз Нарын өзөнүнүн оң жээгиндеги кеңири жерлердин коён-жатагына чейин билет.

Аңдарды сүйрөп келип союшкандан соң, отту алоолонто жагып, үч мергенчи текелерди союп этин буза баштады. Мергенчилик салт боюнча, баарынан мурда майлуу боор даярдалды. Ал үчүн, отко камыраак какталган боорду чакандап кесишти. Андан кийин боордун жалпак кесиндилерин жука ич майга ороп, сүмбөгө сайган соң шишкебек сыяктантып отко кактап бышырышты. (Л. П. Потапов тувалардын «согажды» — боордон жасалган таңсык тамакты ушундайча даярдашаарын сүрөттөп жазган). Мергенчилер айтып бергендей, илгери мындай тамак атып алынган аркардын ич этинен жасалар болсо, анда аны жыгач сүмбөгө сайып алып гана бышырышкан.

Башка аңдардын ич этин темир сүмбөгө сайып гана бышырууга жол берилген. Бөйрөк, төш эттин бир бөлүгү да отко какталып бышырылды. Ички ичегилерге май толтурулуп жасалды, ал да ошол эле жерде бышырылды. Бул арада текелердин этин жилктөө улантыла берди. Ич этинин бир бөлүгү (карыны, өпкөсү, жоон ичегиси) алып ташталды, калган башка эттер ар биринин өз терисине оролуп коюлду. Ал эттер ошол абалында аттарга жүктөлдү. Ак-Көз бул күчкө-күч кошот (күчтүү кылат) деп, текенин өтүн чийки бойдон эле ичип алды. Текенин өтүнүн бел ооруга да дарылыгы бар деп эсептелет.

Мергенчилер менен аңгемелешүүлөрүмдүн убагында металлдан жасалган идиштер жок кезде эт бышыруунун эски ыктары жөнүндө кабардар болдум. Эт бышырылчу идиш катары аңдын карынын пайдаланышкан. Ага жиликтелген этти сөөктөрү менен кошо салып, суу куюшкан. Анан аны жерге орнотулган жыгачтарга асышкан. Чакан таштарды кызарта ысытып, улам бирден карынга салып турушкан. Муздап калган ташты чыгарып алып анын ордуна кызарта ысытылган ташты дагы салышкан. Мына ошентип отуруп суу кайнап, эт да бышкан. Этти мындай бышыруу жолу таш боркок деп аталган. Муну өзүнүн сөздүгүндө К. К. Юдахин да сүрөттөп өтөт, ошол эле убакта анын таш казан жана таш кордо дегендерин келтирет. Анын сүрөттөп жазганына ылайык, кызыта ысытылган таштарды улам салып отуруп тамак бышыруу үчүн жылкынын терисинен жасалган идишти, ошондой эле ушундай жол менен бышырылган тамакты ушундай аташкан (ал согуш жортуулдарынын убагында пайдаланылган). Калыбы, бул аңчыларда жана малчы-көчмөндөрдө эт бышыруунун эң эзелтеден бери колдонулуп келген ыктарынын бири болсо керек.

Биз катышкан аңчылык кылуу кадимки шарттарда ууга чыгууну анча-мынчалап гана эске салып турду. Өтө тажрыйбалуу мергенчи башчылык кылган ошондой эле аңчылык кылууга 30—40 киши катышкан. Ага чыгуудан бир канча күн мурда аңчылык кылууга катышуу үчүн мергенчилер өз айылынын же көчмөн жамаатынын гана эмес, ошондой эле башка жерлерден да мергенчилерди чакырышкан. Жакшы тааныштарын да меймандар катары чакырышкан. Ууга чыгаар алдында бөтөнчө эч кандай ырым-жырым жасашкан эмес, бирок мергенчилер айылдан чыгып кетип бара жатышканда карыялар жана аялдар: омийин алло акбар, жолдуу болсун! — деп бата беришкен.

Мергенчилер аңчылык кылынуучу, тосоту ылайыктуу жерге уй мүйүз тарта жайгашышкан. Тосоттун бет маңдай жагына тайганчан мергенчилер дал ошондой уй мүйүз тарта орун алышкан. Атайын дайындалган айдоочтор аңды (аркарларды же текелерди) таш менен ургулап жана кыйкырып-бакырып, негизги мергенчилер тосотто отурган жакка айдашкан. Эгерде аңды негизги мергенчилер отурган жакка үркүтүп айдап кирүүгө мүмкүн болбой калса, аңга тайгандарды агытышкан, алар аңды мергенчилер отурган жакка сөзсүз кууп барышкан.

Атылып алынган аңдын этин эзелтеден калыптанган тартипке ылайык бөлүштүрүшкөн. Аңды аткан мергенчи анын башын, мойнун, төшүн (кабыргалары менен) жана терисин алган. Калган эт ууга чыккандардын баарына тепетең бөлүштүрүлүп берилген. Аң аз атылып калган учурда эттин бардык жиликтери тепетең бөлүштүрүлгөн, аңды аткан мергенчи ал бөлүктөн тышкары аңдын терисин жана биринчи омурткасын да алган.

Мергенчилер үйлөрүнө олжолуу кайтып келе жатышкан жолдо жолуккан ар бир адам эт алгысы келсе шыралга бере кетиңиздер деп айтууга тийиш болгон, ошондо мергенчи бул кыйытууга жооп кылып, сөзсүз эт бериши керек болгон. Мергенчи алып келе жаткан бардык этин мына ошентип таратып берип койгон учурлар да болчу экен. Эгерде ошол мергенчиге дагы кимдир-бирөө жолугуп, шыралга сурап калса, мергенчи «болсун» деген, бул — шыралгаңды эмки жолу беремин дегени.

Мына ушуга байланыштуу моңголдордун И. В. Вяткина келтирген мына ушундай ырасымы жөнүндөгү маалыматтарды келтире кетели. «Эгерде аңды атып алып, анын этин бөлүштүрүп же терисин сыйрып жатканда башка бир киши келип «шорлога» (ырымын бер) деп калса, мергенчилер «өгнө» (берели) деп жооп кайтарып, олжосунан бөлүшүшкөн. Анын үстүнө келген адам мергенчилерден улуу болсо анда эттин жакшы жеринен беришкен».

Кыргыздардын ууга чогуу чыгуу бөтөнчөлүктөрүнөн толугураак түшүнүк алуу үчүн Бусурманкул Тупановдон уккан кошумча маалыматтарды да келтире кетели. Ал көп учурда чогулуп алып ууга барып жүрүшкөн учурларын да айтып берди. Андай учурларда ууга барабыз деп коюшчу экен. Ал үчүн 5—6 мергенчи бир топко биригишкен. Алар менен дагы 2—3 адам (сүрөөнчүлөр жана карасанчылар) кошо чыгышкан, алардын милдети тосотто отурган мергенчилерге аңды айдап келип берүү болгон. Алар тоо эчки-текелерге жана аркарларга, негизинен жашоого керектүү эт алып келүү үчүн аңчылык кылышкан. Мергенчилер тосотко бири-биринен алыс эмес жерде, жел айдагычтар жактан мергенчилер тарапка уруп тургудай жайгашкан. Айдагычтар аңды үркүтүп жатышканда катуу кыйкырып турушкан. Эгерде айдагычтардан үрккөн аң мергенчилер күтүп отурган жакка барбай качып калышса, анда ага тайган агытышкан, ал аңды кууп отуруп туюкка алып барып кептеген, мергенчилер аны ошол жерден атып алышкан.

Атып алынган аңды кандайдыр-бир өзөндүн боюна атка артып келишкен, союп-жиликтеп, боор менен ич майын сүмбөгө же ичке жыгач таякка сайып, отко кактап бышырышкан. Бул мергенчилердин тамагын кара кыйма дешкен. Боор мергенчи үчүн өтө пайдалуу тамак деп эсептелген. Андан ооз тиердин алдында жолуң болсун дешкен, бул мындан ары да жолуң шыдыр болсун деген маанини билдирген. Ошол эле жерде аңдын бөйрөгүн, жүрөгүн бышырып жешкен. Тоо эчкини атып алып жана аны союп, жиликтегенден кийин мергенчи тянь-шандыктар сыяктуу аңдын өтүн ичкен, бул ага күч-кубат берген.

Бусурманкул эт бышыруунун дагы бир мындай ыгы жөнүндө айтып берди: аңдын тазаланган карынына чакан-чакан кесилген бүкүлү этти салып, ысык көмүрдүн үстүнө орнотулган жыгачка асып коюшкан. Карынга куюлган суу бир оокумда кайнап чыгып, эт бышып калган. Олжо мергенчилердин ортосунда алардын жашына жараша бөлүштүрүлгөн: эң улуусуна уча сыйрымасын, андан кийин, катары менен саны, колу, жиликтери берилген. Аңды аткан мергенчи дайыма келдесин, карынын, терисин жана төшүн алган. Төш мылтык акыга берилген сый катары эсептелген. Аңдын өпкөсү, ичегиси тайганга берилген.

Эгерде мергенчинин алдынан кимдир-бирөө жолугуп, «Э-э, мергенчим, шыралга бер», — деп калса, мергенчи аңдын 12 жилигинен мүчө берүүгө милдеттүү болгон. Сураган адамга эт бербей кетүү уят иш деп эсептелген. Ошондуктан мергенчи үйүнө көп учурда көзгө чалдыкпай келүүгө аракеттенген.

Мергенчилер айылга кайтып келишкенден кийин эт бышырып, өзүлөрүнүн бардык айылдаштарына тамак беришкен. Эгерде мергенчи аңды өзү жалгыз атып келсе, анда эттин бир бөлүгүн айылдагы коңшуларына чийки таратып берген, калган этти бышырып, баарын меймандаган.

Тянь-Шанда чогулуп ууга чыгуу жөнүндө Дүйшөмбү Касымов да айтып берди. Андай ууга чыгууга 10дон 40ка чейинки адам катышкан. Алардын бир бөлүгү мергенчилер, калгандары карасанчылар болгон. Көп учурда мындай аңчылык кылуу узак убакытка эсептелип уюштурулган. Мындай учурда аң уулоого катышкандарды (мергенчилердин өзүлөрүнөн башкаларды) салбырынчы дешкен. Аңга чыгаардын алдында салбырынга барабыз деп кабарлашкан.

Бизге аңгеме куруп отургандар аң уулоого катышкандарды «салбырынчы» деп аташты. Эгер аң уулоого болгону бир нече эле адам катышса, анда аларды кара санчы дешкен. Бул терминдер башка маалыматтардан улам тактоону жана көбүрөк кеңири түшүндүрүүнү талап кылды. Токтокожо Айтбаевден (60 жашта) жазып алгандарыма караганда чогулуп ууга чыгуу салбаран деп аталган, ал эми «кара санчы» деген терминди мергенчилерге жардам берген, бирок олжодон өз үлүшүн алууга акылуу болушса да, куралы же кушу жок катышуучуларга карата колдонушкан.

К. К. Юдахиндин сөздүгүндө салбырын (ошондой эле салбырак, салбуурун) — алыска аң уулоого чыгуу деп түшүндүрүлөт. Анткен менен «салбырынчы» деген сөз тажрыйбалуу мергенчилерден таалим-тарбия алып ууга чыккан жаш мергенчилер дегенди билдирет. Алыскы аң уулоого негизги катышуучуларды, тажрыйбалуу мергенчилерди кантип аташкандыгы түшүнүксүз бойдон кала берди.

«Кара санчы» деген термин (же жандоочу) аңчылык кылууга жардамдашкандарга, аңдын турган жерин мергенчиге жандап көрсөтүп берүүчүлөргө, же аң айдоочуларга карата колдонулган. К. К. Юдахиндин сөздүгү боюнча санчы (түштүктө айтылат) деген көмөкчү жумуш аткарып (мисалы, тамак-аш көтөрүп), аңчылык кылууга жардамдашкан адамды билдирет. Сөздүктө санчыга — сан деген макал келтирилет. Биз менен баарлашкан Бусурманкул Тупанов да кара санчы сан алаарын көрсөткөн болучу. «Салбырын» деген терминдерди аныктоо үчүн К. К. Юдахин бир нече мындай мисалды келтирет: алты ай, жети ай жоголуп, салбуурун кетип калбасын (фольк.); мээлей алып, боо тагып, салбуурундап жер чалып — бабабыздан калган иш (фольк:); атайын салбырынга чыккан соң, көпкө жүрүшүбүз керек, салбырынга келгенде, сүлөөсүн менен илбирстен атып келет мергендер (ыр). Келтирилген бул мисалдардан кээ бир тыянактарды чыгарууга болот. Биринчиден, салбырын деген, арийне, жөн эле алыска чыгып келүү эмес, ошондой эле кыйла узак убакыт бою аңчылык кылуу дегенди да билдирет. Эгерде бул ушундай болсо, анда мындай аңчылык кылуу сөзсүз коллективдүү, топтук мүнөздө болууга тийиш. Экинчиден, бул ок чыгарып гана эмес, ошондой эле куш салып да аңчылык кылуу болушу керек. Үчүнчүдөн, алыска барып мындай аңчылык кылуунун максаты эт таап келүү гана эмес, ошондой эле куну аңдарына да мергенчилик кылуу болгондугу өтө ыктымал.

Кыргыздардын чогулуп алып аң уулоосу тажиктердин жакынкы кезге чейин эле колдонулуп келген тегеректеп айдап жүрүп тоо эчкилерге аңчылык кылуусуна эң жакын салыштырылышы мүмкүн. Аңчылык кылуу техникасынын өзүндө жана олжону бөлүштүрүүдө да жалпы белгилер бар.

К. Шаниязов карлуктардын чогулуп алып жапайы эчкилерге аңчылык кылганы жөнүндө кызык маалыматтарды келтирет. Тянь-шандык кыргыздардагыдай эле олжо аңчылык кылууга катышкандардын ортосунда тепетең бөлүштүрүлгөн. Кыргыздардын аңды тегеректеп айдап жүрүп аңчылык кылуусунун кээ бир белгилери буряттардын ушундай түрдө аң уулоосун эске түшүрүп турат. Мындай аңчылык кылуу качандыр-бир кезде аларда коомдук кеңири мүнөздө жүргүзүлгөн жана калыбы, алардын жоокердик турмуш-тиричилиги менен тыкыс байланышкан болсо керек. М. Хангалов минтип жазат: «Ар бир «зэгэтэабаны» (аңды тегеректеп айдап жүрүп аңчылык кылууну ушундай аташкан, — С. А.) мергенчилердин артели деп гана эмес, ошондой эле жоокерлер отряды да деп элестетүүгө болот… Калыбы, аңды тегеректеп айдап жүрүп аңчылык кылуунун мындай жоокердик аракеттерге айланып кетиши жүзөгө өтө оңой эле ашып, көп учурда кол салууга айланып кетсе керек. Түндүк буряттардын мындай аңчылык кылуусунун мындайча сүрөттөлүп жазылышы аң уулоонун байыркы жолдорунун белгилүү даражага чейин реконструкцияланышы болуп саналат. Биздин колубузда кыргыздардын аңды тегеректеп айдап жүрүп аңчылык кылуусунун байыркы формасын реконструкциялоо үчүн, эгерде «Манас» эпосундагы айрым эске түшүрүүлөрдү эске албай турган болсок, маалыматтар жок, ал эпосто Манас 600 жоокерин аң уулоого жибергени, анан алар жети жүз аркар, кулжа атып алып кайтып келишкени жөнүндө баяндалат.

Алтайлыктардын жана тувалардын чогулуп алып аң уулоосунун уюштурулуш принциптерин жана олжону бөлүштүрүш жолдорун түшүнүү үчүн Л. П. Потаповдун жана С. И. Вайнштейндин бул маселе жагынан билдирген материалынын кыйла кызыктуу мааниси бар. Н. И. Лепехиндин «Күндөлүк жазмаларына» (1770-ж.) жана өзүнүн материалдарына таянып, С. И. Руденко жана Р. Г. Кузеев башкырттардын чогулуп алып ууга чыгуулары жөнүндө кээ бир маалыматтарды келтиришет жана атып алынган чоң аң аңчылык кылууга катышкандардын ортосунда тепетең бөлүштүрүлүп алынган деп белгилешет.

*     *     *

Кыргыздардын элдик календары башка элдердикиндей эле чарбачылык жана маданият тарыхын таанып-билүү үчүн даректердин бири катары пайдаланылса болот. Бул тема жагынан олуттуу изилдөөлөр азырынча жарыялана элек. Анткен менен дал ушул календарь жана аны менен ирегелеш турган элдин көргөн-билгендери аңчылык кылуу сыяктуу кесиптин чарбачылык турмуштагы ордун жана ойногон ролун алда канча толук изилдөө мүмкүнчүлүгүн ачып берет.

Жакынкы кезге чейин эле кыргыздардагы беш айдын элдик аталышы жапайы жаныбарлардын атына байланыштырылып келгендиги белгилүү болучу, ал жаныбарлардын, калыбы, аңчылык кылуу объектилери катары промыслолук мааниси бар окшойт. А. М. Щербактын жана К. К. Юдахиндин эмгектерин салыштырып көрүүнүн натыйжасында эми беш эмес, жети айдын аталыштары аңчылык кылуу тиричилиги менен байланышкан болуп чыкты.

Мурда түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк бербей келген баш оона жана аяк оона (августка жана сентябрга туура келет) деген айлардын аталыштары эми тувалардын «оона» (эски өзбек тилинде хуна) деген сөзүнөн улам эликтин, бөкөндүн текеси (моңголчо ухна жана огоно — талаа эчкиси; Юдахиндин пикири боюнча — моңголчо жейрендин текеси) деп түшүндүрүлдү. Калган беш айдын аталыштары төмөндөгүдөй: жалган куран (же абал куран, же жан куран) — эликтин же жейрендин жалган эркегинин айы (мартка туура келет; башка жоромол боюнча — февралга жана ал түгүл январга туура келет); чын куран — эликтин же жейрендин чын эркегинин айы (апрелге туура келет); бугу — (майга туура келет); кулжа — жапайы тоо кочкорунун айы (июнга туура келет); теке — жапайы тоо текенин айы (июлга туура келет). Баш оона, аяк оона айларын мергенчилердин берген маалыматтарынын негизинде бул жаныбарлардын жүгүрүшү башталган жана аяктаган айлар катары түшүндүрүүгө болот (эликтердин жүгүрүшү башка ача туяктууларга караганда мурда — августтун аягында — сентябрдын баш ченинде башталып, бир айга жакын созулат).

Промыслолук жаныбарлардын турмуштук цикли менен байланышкан сезондор негизинен кыргыздарга жакшы белгилүү. Биздин жазып алгандарыбыз боюнча бугу, теке айлары — бул алар төлдөгөн мезгилдер; ошондон улам алар бугу тууйт, кийик тууйт деп коюшат. К. К. Юдахин теке ноябрда жүгүрөт дейт, бул мергенчилердин да берген маалыматтарына дал келет.

Кыргыздарда промыслолук жаныбарлардын курактарына, жынысына байланыштуу бай аталыштары бар. Мисалы, бугулар үчүн мындай: марал — ургаачысы, соёчор — 2—3 жаштагы букачар; бышты чыгар (3 жаштагы); бугучар — жаш бугу; музоо — бир жаштагысы; алты айры бугу — ача мүйүздүү бугунун эркеги (үч жаштагы); тогуз айры бугу — 9 ача мүйүздүү бугунун эркеги (төрт жаштагы); он эки айры бугу — 12 ача мүйүздүү бугунун эркеги (эң картаңы).

Бугулардын жыныс-жаштык бөтөнчөлүктөрүнө байланышкан терминдер өзүнүн молдугу жана ар түрдүүлүгү менен бугуларга (маралдарга) аңчылык кылуунун промыслолук олуттуу мааниси болгондугун айгинелеп турат. Бирок профессор Б. М. Юнусалиевдин 1968-жылы эл алдында айтканы жана мен өзүм колдоп чыккан пикирим боюнча кыргыздардын ата-бабаларынын кандайдыр-бир бөлүгү бугу өстүрүүнү кесип кылган болушу мүмкүн, бул тожин-тувалардан да байкалат, ошол эле убакта, ошол эле тувалардын башка топтору талаа жерлерде типтүү малчылар болуп эсептелишет.

Бул С. И. Вайнштейндин кызык этюдунда ырасталды, С. И. Вайнштейн кыргыздардагы балдар үчүн токулуучу айырмачтын тиби менен бугу өстүрүүчү тувалар, ошондой эле бугу өстүрүүчү тофалар менен дархаттар үчүн мүнөздүү балдар айырмачтары тибинин түздөн-түз окшош экендигин көрсөттү. Бул айырмач туваларда кыргыздардагыдай эле «эримээш» деп аталат.

Жылкы өстүрүүчүлүктүн таасири астында мингич бугу өстүрүүчүлүктүн өнүккөнү жөнүндөгү гипотезанын пайдасына С. И. Вайнштейн өзүнүн бир катар эмгектеринде көтөрүп чыккан далилдерди бул жерде карап чыгып отурбай эле, саян элдеринин мингич бугу өстүрүүчүлүктүн жылкы өстүрүүчүлүк менен байланыштары — жылкы өстүрүүчүлөр араба-чанага унаа чегүүнү бугу өстүрүүчүлөрдөн үйрөнүп алган деген пикирдин пайдасына да түшүндүрүлүшү мүмкүн деп белгилеп кетмекчимин. С. И. Вайнштейн саяндык бугу өстүрүүчүлөрдөн жана эзелтеден жылкы кармап келген кыргыздардан келтирген бул кызык окшоштук кыргыздардын этностук татаал тарыхынын күбөсү гана болуп турат, кыргыздардын ата-бабаларынын бир бөлүгүнүн Саян-Алтайды мекендегендигине шектенүүлөрдү туудура албайт, бирок жамы кыргыздар жөнүндө минтип айтууга болбойт.

Кыргыздын балдар айырмачы байыркы кыргыз жылкы өстүрүүчүлөрүнүн, мүмкүн анча-мынчалап, бугу өстүрүүчүлөрдүн да азыркы тувалардын бугу кармоочу ата-бабалары менен этностук тыкыс байланыштыгы болгон деген жоромол кыргыздын жөн-жайын изилдеп жүргөндөрдүн кимисине болсо да көбүрөк ачык-айкын жана ынандыраарлык пикир боло алат.

Келтирилген маалыматтар кыргыздардын чарбалык турмушунда аңчылык эзелтеден эле чоң роль ойноп келгендиги жөнүндө мындан 20 жылдан көбүрөк мурда жасалган тыянакты дагы бир жолу ырастоого негиз берет. Аңчылык аларды куну (тери) менен гана эмес, ошондой эле эт менен да камсыз кылган, тез-тез болуп турган жутчулук жана кырсыктардын шартында мунун кыйла мааниси болгон. Элдик календарда мына ушул өзүнүн чагылдырылышын тапкан кыргыздардын календарын түрк тилдеринде сүйлөгөн башка элдердин календары менен салыштырып көрүү — анда аны аңчылык чарбачылыгы менен байланыштырып турган белгилер өтө ачык-айкын сакталып калгандыгын көрсөтүп турат. Бул жагынан тожитувалар кыргыздарга жакын. Аларда апрель «ыдалаар ай» (каткалаң убагында тайган агытып аңчылык кылуучу ай), сентябрь — «хулбус айы» (элик айы; П. И. Каралысиндин жазып алгандарында «кульбус айы» — август, теке уулоо айы), октябрь — «алдылаар айы» деп аталган (киш уулоо айы; П. И. Каралысиндин жазып алгандарында башка да — «тииннер ай» — тыйын чычкан уулоо айы деген аталыш бар).

Алтайлыктарда да айлардын теке айы (куран ай), марал айы (сыгын ай) деген аталыштары бар. Хакастарда «ашг ай» (аюу уулоо айы, февраль), күзөн уулоо айы (март, апрель), шорлордо «корук аа» — бурундук уулоо айы; карагастарда тайган агытып, аң уулоо айы (март), бугу, изюбер жана багыш куудуруу айы (сентябрь), бугу уулоо айы (октябрь) деген аталыштар бар. Казым остяктарында (ханттарда) жана эвенктердин кээ бир топторунда сентябрь да бугуларды жупташтыруу айы деп аталаарын белгилеп кетейин.

Ошол эле убакта алтайлыктардын, хакастардын (сагайлар, бельтирлер), шорлордун, барабин татарларынын, тофалардын (карагастардын) элдик календарларында айлардын аталыштарынын кээ бирөөлөрү мал чарбачылыгындагы, дыйканчылыктагы, мөмө-жемиш (кандык, сараң, жаңгак) терүүдөгү өндүрүштүк процесстер ж. б. менен байланышкан.

Кыргыздарда мындай аталыштар, ошондой эле табияттагы тигил же бул сезондук кубулуштарды чагылдыруучу аталыштар да жок, кийинки аталыштар, тескерисинче, түштүк алтайлыктардын жана тувалардын элдик календарларында берилген, хакастарда, шорлордо, чулым татарларында, казактарда жана башкаларда учурайт.

Кыргыздарда калган айлардын аталыштары, мисалы, уйгурлардыкындай эле, саналма айкалыштар түркүмүнө кирет. Бирок түштүктүк кыргыздарда кээ бир айлардын арабча аталыштары учурайт, алар Зодиактын 12 белгисине ылайык келип, алардын күн календары менен (тажиктер жана өзбектер аркылуу) тааныштыгы бар экенин көрсөтүп турат. Андай аталыштар мына булар: ут (февраль), соор (апрель), саратан (июнь), асат (июль), мийзам (август), сумбула же сумбила (сентябрь), акырап же акрап (октябрь). Бирок биз бул аталыштарга жазган комментарийлерде табияттагы сезондук өзгөрүштөр жана чарбалык иш-аракеттин айрым түрлөрүнө алардын тийгизээр таасирин белгиледик.

Кеп элдик календарь жөнүндө болуп жаткан соң, мезгилди Топ жылдыздарга карап эсептөөгө токтоло кетүү керек, мунун бөтөнчө кызыкчылыгы бар, аны биринчи жолу кыргыздардан М. С. Андреев жазып алган. Ырас, казактарга карата бул жөнүндө Ч. Валиханов андан мурда жалпы формада минтип билдирген болучу: «Кыргыздар Топ жылдыздарга карап түнкү саат канча болгонун жана жыл мезгилдерин билишет. М. С. Андреев мезгилди Топ жылдыздарга карап эсептөөнү эң байыркы эсептөөлөрдүн бири деп негизсиз карабайт. Кээ бир тунгус-манжур элдеринде мезгилди Чоң Жетигендин жана башка топ жылдыздардын турган ордуна карап эсептөө колдонулаары билинди.

Кыргыздарда (жана казактарда) элдик метеорологдор жана жылдызга карап билген эсепчилер — планеталардын жана топ жылдыздардын кыймылын байкоолорго негизделген бул календардын билермандары болушкан. Манаке (бугу уруусунун белек уругунан) деген адам Көл кылаасындагы атактуу эсепчи болгон. Өзүңүздүн айткандарыңызды эмнеге негиздейсиз деп сураганыбызда, ал малга кайсы жер жайлуу болорун, кар качан оор түшөрүн ж. д. у. сыяктууларды жылдыздарга, айга, күнгө карап билемин деп жооп берди.

Чоң Жетигенге каран эсептөөгө (тогоол), К. К. Юдахиндин айтуусу боюнча, Ай жана Чоң Жетиген бири-биринен алыс жана бири-бирине маңдайлаш турган мезгилге туура келет. Бул кыш эсеби, М. С. Андреевдин айтуусу боюнча, күздүн жана кыштын бир бөлүгүн камтып, жарым жылга созулат. Бул мезгилдин ичинде Ай менен Чоң Жетиген асмандан бир убакта жети жолу көрүнөт. Беш тогоол мезгилине элдик көп байкоолор жана лакаптар байланыштырылат, бул мезгил болжол менен март айына туура келет. К. К. Юдахин беш тогоол болбой бел чечпейт деген лакап келтирет. Биздин жазып алгандарыбызды бештин тогоолунда токсон толкуп, эшикте тоң калбайт, бешикте бала тойбойт деп көрсөтүлгөн. Ушул эле мезгилде, б. а. мартта деп белгилейт М. С. Андреев, кочкорлордун туварларды кууп коюшуна мүмкүнчүлүк бербей келген белдиктерди алышат, анткени эрте туулуп калган козулардын суукка тоңуп калышы үчүн мындан ары коркунуч болбойт. Тувалар менен алтайлыктар да аба ырайына тиешелүү кээ бир байкоолорду жана аларга негизделген нерселерди Чоң Жетигендин кыймылына байланыштырышат.

Мына, ошентип этнографиялык далилдер кыргыздын элдик календарын — өзүндө төмөнкүлөрдү айкалыштырып турган түшүнүктөрдүн татаал системасы катары сүрөттөйт:

а) байыркы аңчылык, чарбачылык кылуу тиричилиги менен тыкыс байланышкан элдик календарды;

б) планеталардын жана топ жылдыздардын кыймылын байкоолорго негизделген байыркы элдик календарды (Чоң Жетигенге карап эсептөөнү);

в) күн календарын;

г) айлардын сандык аталыштарын. Бүтүндөй алганда бул календарь тарыхый ар кыл доорлорду документ жүзүндө ырастагансып, алардын тирүү күбөсү болуп саналат.

Белгилүү даражада ал Саян-Алтайдын түрк тилдеринде сүйлөгөн элдеринин ушундай түшүнүктөрү менен шексиз ген жагынан байланышкан жана ошол эле убакта Орто Азиянын башка элдери менен кыргыздардын маданий жактан эбактан берки карым-катышынын далили болуп кызмат кылат. Кыргыздардын, алтайлыктардын, хакастардын, шорлордун, тофалардын жана башка кээ бир элдердин элдик календарларында сакталып калган «аңчылык катмар», алардын традициялык чарбачылыгында аңчылык маанилүү роль ойногондугун чагылдырып турат.

Бул, өткөндө аңчылык кыргыздардын жана алардын ата-бабаларынын олуттуу, негизги кесипчиликтеринин бири катары роль ойногон деп чоң ишеним менен ырастоого мүмкүнчүлүк берет. Келтирилген маалыматтар байыркы түрктөргө тиешелүү тарыхый далилдер менен толук үндөшүп турат. Аларда түрктөр «жайытын жана суунун жайлуулугуна жараша бир орундан экинчисине көчүп-конуп жүрүшөт: малчылыкты жана аң уулоону кесип кылышат жана жүндүү териден, жүндөн жасалган кийимдерди кийип жүрүшөт» деп билдирилет. Даректерге байыркы түрктөрдүн «аң кармоочулугу», багыштарга жана бугуларга «аң уулоого» чыкканы жөнүндө нечен жолу эске салынат. Малчы-көчмөндөрдүн чарбачылыгында көмөкчү промысел катары аңчылыктын ойногон ролу жөнүндө азыркы кездеги Кыргызстандын территориясына тиешелүү археологиялык эстеликтердин көптөгөн далилдери бар.

Этнографиялык жазылмаларда да аңчылыкка тиешелүү кыйла маалыматтар камтылган. Кыргыздардын ар кыл урууларынын генеалогиялык аңыз кептеринде алардын түп аталары аң уулашканы жөнүндө көп эскерүүлөр айтылат. Оң канаттын түп аталарынын бири — Тагай жааны эң сонун тартчу экен, анын карындашы Наалы эже да аңчылык кылыптыр. Бугу уруусунун ата-бабалары ууга чыгышкан (Асанмырза, Карамырза, Белек, Бирназар, Төрөштүк ж. б.), Саалай (лакап аты — Кырк-Саадак) — кытай уруусунун ата-бабаларынын бири мергенчи болуптур. Ат-Башылык кыргыз карыялардын айтуулары боюнча, мындан эки кылымга жакын убакыт мурда маралдарга, кулжаларга жана тоо текелерге аңчылык кылуу тоолук малчылардын чарбачылыгында кыйла маанилүү орунда турган экен.

Бугу уруусунун ата-бабаларынын бири — Арык тирүү кезинде чоң ачарчылык болуптур. Кыргыздардын айрым бөлүгү казактар менен бирге түштүккө, Гиссарга жана Кулябга кетиптир. Кетпегендери Ысык-Көлдө калып, ачарчылыктан аңчылык кылуунун аркасында аман калышыптыр.

Түрк тилдеринде сүйлөгөн бир катар элдердин (Түндүк алтайлыктар, тувалардын бир азы, шорлор ж.б.) чарбасында аңчылыктын ойногон ушундай ролун эске алып, калыбы, байыркы түрктөрдү талаа-түздүктөрдө жашаган эзелки көчмөн малчылар катары тараган түшүнүккө кээ бир тактоолорду кийирүү керек окшойт. Колдо бар даректердин жыйындысы байыркы түрктөр туташ эле талаа-түздүктү мекендеген малчылар эмес экендиги, токойлорго жана тоолуу жайыттарга бай райондордо жашаган алардын бөлүгү комплекстүү чарбачылык кылганы, ал чарбачылыкта малчылык менен катар аңчылык да, дыйканчылык да болгондугу жөнүндө айтууга мүмкүнчүлүк берет.

Булак:  ruhesh.kg