АЛЫКУЛДУН АЧЫККА ЧЫКПАГАН АРМАНДУУ СҮЙҮҮСҮ

10 ноября 2019 АЛЫКУЛДУН АЧЫККА ЧЫКПАГАН АРМАНДУУ СҮЙҮҮСҮ

Ак тиштерим от тиштеген тишке окшойт,
Аккан жашым ак булактын түсү окшойт.
Жамийла СУЛАЙМАНОВА

1994-жылдын кеч күзү. Бойдок кез. Колум бош, жолум бош. А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын академиялык хорунда ырдап жүргөн кезим. Эң жакын досторумдун бири Талгар Жакшылыков мектепти орусча бүткөн, орусча сүйлөгөндөрдөн эле. Кыргыз адабияты менен иши жок. Алыкул Осмоновдун поэзиясынан анча кабарсыз жүргөн эле опера ырчысы…

Бир күнү Талгар досум айтып калды, “Жамийла деген эжем бар. Жакын тууганбыз. Алыкул Осмонов деген акындын “Жамийла” деген ыры мага арналган деп калат. Ошол эжеме сени тааныштырайынбы?.. Макул көрсөң, үйүнө барабыз”.

Бардык акыры. Бирок колдо диктофонум жок. Журналисттик тажырыйбаны башымдан өткөрө элек кезим. Бар дүйнөм – классикалык музыка менен эле адабият. Ал кезде журналистика менен ишим да жок, тек адабият астанасын жаңыдан аттаган 24 жаштагы жел колтук, сылаңкороз жаштардын биримин…

Дасторкон четинде Жамийла эже менен беттешип отурабыз. Ал Алыкул менен болгон мамилеси туурасында айтып отурат. Же мен жазып отурбайм айткандарын, же куйма кулак болсомчу. Эженин үйүнөн чыккандан кийин эле укканымдын баары удургуган мээмде калбады. Талгар досум экөөбүз бакылдашып кете бердик. Шаар аралап далай бастык. Ошону менен Жамийла эжеден уккандарымдын бири да кагазга түшкөн жок.

Бир күнү анан журналистикага жаңыдан аралашып баштаган Карамат Токтобаеваны ээрчитип, Жамийла эженин үйүнө бардык. Диктофонубуз бар колдо. Эжени сүйлөтүп коюп, экөөбүз тыңдап отургандагы жазганыбызды ошол кездеги эң окумдуу гезиттердин бири “Кыргыз Руху” гезитине тапшырдык. Шыр эле жарыяланып кетти. Тим эле Карамат экөөбүз дүйнөлүк ачылыш жасаган немече, экөөбүздүн эмгегибиз дүң эле тарады элге.

Гезит болгону 8 миң нуска менен чыгыптыр. Эл баса калып окуду, аталган гезитти издеп куугандар чыкты. “Алыкулдун ачыкка чыкпаган армандуу сүйүүсү” тууралуу адабий журттун өкүлдөрү эмес, кайдагы бир хор ырчысы Олжобай Шакир менен Карамат Токтобаева аттуу жаш журналист жарыялаган материал коомдогу алдыңкы саптагы жаңылык болору оюбузга кайдан келсин…

Эмесе бүгүн дал ошол Жамийла Сулайманованын эскерүүсүнүн 1-бөлүгүн тааныштырабыз…

Ай, Жамийла!

Нур Жамийла, Жамийла!
Камчы менен күрмөм калды айлыңда,
Алып бербей катып кой!
Калп эле таштап аларды
Калдым мына Көл айлыңда.

Айдайдын айдай элесин,
Сен азыраак бересиң.
Кечигип сага жолуктум,
Ким тосот сагат жебесин?!

1944-жылдын август айында Пржевалск шаарында, Токтогул көчөсүнөн орун алган курорт үйү бар эле. ошондо эс алып жүргөндө, «Ысык-Көл правдасынын» редакциясынан жаш жазуучу Сабит Абдырахманов деген жигитке кезиккен Алыкул агай сүйлөшүп отуруп, сөз арасында:

— Сабит, ушул шаарда жашаган эстүү, акылдуу, жанга боорукер кыздар менен мени тааныштыра аласыңбы? – деп сурап калат.

— Ооба, бар агай… Өтө чечен, мени сындырып койчу кыз. Адабиятка жаш талапкерлердин бири.

— Мүмкүн болсо мени менен ал кызды кезиктире аласыңбы?..

— Болуптур, качан баралы дейсиз?!

— Азыр деле. Жүрүңүз, мейли…

*     *     *

Дем алыш күн эле. Мен шаарда Алжамбаев башкарган облОНОдо дошкольный инспектор болуп иштечүмүн. Токтогул көчөсүндө Арипжан деген бир өзүбектин квартирасында жашачумун. Атам Тосор деген айылда айыл кеңешчи жана башкарма эле. Энебиз өгөй болуп, мен 16 жашымда бөлүнүп кеткем. Эшик кагып, Сабит кирип келди. Саламдашып эле:

— Жамийлаш, кечириңиз… Сизди Алыкул агай сырттагы чоң теректин алдында күтүп турат”, – деп калды күтүүсүздөн.

– Эмне үчүн… Жөн жай кезигишкени элеби? Ой, уят ко! Кантип кездешмек элем… же мурда…

– Жүрүңүз эми.

Мен макул болуп, кийинип сыртка чыктым. Көчөнүн жээгиндеги чоң теректин түбүндө – орто бойлуу, ак көйнөгүнүн жакасын кайрып таштаган, колунда оролгон газетасы бар, токтоо жигит көзүмө урунду.

– Саламатсызбы, Жамийлаш? – саламга биринчи озунду.

– Саламатчылык.

Көз кыйыгы менен мени көпкө тиктегенин сезип турдум. Сабит болсо биз менен көп турбай эле, негедир кетип калды. Алыкул агайдын сунушу менен түз эле чоң көчөнү аралай паркты көздөй бет алдык. Биз көпкө чейин сырдаштык. Кеч да кирди. Ошол учурда паркта духовой оркестр ойноп калды. Мен шайыр мүнөзүмө салып, Алыкул агайды бийге чакырдым эле, ал таңгала түштү.

Уялыңкырай:

– Мен бийлегендерден эмесмин, – деди.

Мени көпкө тиктеп турду да, түз эле маңдайдагы ачык аянтчадагы кафеге алып барды. Элден четирээк орун алдык. Алыкул агай үстөлдүн үстүнө толтура тамак-аш алып, акчаларын көп коротту. Билинбей отуруп, саат онго жакындап калыптыр. Биз кафеден чыгып, Алыкул агай мени колтуктап алды. Бир убакта көк шибер чөпкө отура кеткенибизде, кыса кучактап, бетимден өпкүлөп жиберди. Экөөөбүздү тең майда калтырак басып кетти. Мен бардык күчүмдү жыйнап туруп, көкүрөгүнө катуу түртүп жиберип, ордумдан шап турдум да:

— Ах, акын чечен, акыл жок,
Алымды билер жакын жок, – дедим ызага буулугуп.

Качкан бойдон жүгүрүп, үйдү көздөй бет алдым. Чачым уйпаланып, тарагым да түшүп калыптыр. Ал кездерде кыз намысы өтө-ө күчтүү болучу. Эртеси күнү кайта агайга боорум толгонуп турду. Себеби, кыска убакытта болсо да, биз негедир түшүнүшүп калыптырбыз. Алыкул агай мен качып кеткенден кийин артымда кадимки жетим баладай абалда калганын сезгем…

*     *     *

1945-жылдын июль айы эле. Мен эки күнгө суранып, эс алуу үчүн бир курбу кызым менен Кой-Сары курортуна келдим. Ал жерде Алыкул агай менен Калим Рахматулин деген бир палатада эс алып жүрүшкөн экен. Менин келгенимди угуп, Алыкул агай бир үйгө алып барды. Биз аябай сыйлуу мейман болдук. Алыкул агай ошондо бардык сырын чечилип айтып берди. Айрыкча Айдай жөнүндө. Эртеси ал түз эле көк кайыкты жээктеп, көлдү көздөй имерип, өзү айдап жөнөдү. Мен төр жагында отуруп, мандолиндин шаңдуу күүсүн сызылтып чертип жаттым. Элдин баары эле бизге суктанып карашкансыйт. Ах ошондогу кымбат, сыйлуу күндөрүм ай. Ошондо мен э-эң бактылуу элем. Алыкул агай болсо “Отеллосун” көтөрүп жүрдү. Ал кээде айтар эле: “Жамийла, менин жанымда отуруп берчи, “Отеллону” которуп атканымда”, – дечү.

*     *     *

Мен болсо шаарга кеттим. Көп өтпөй эле талдысуулук бир жигит согуштан жарадар болуп келип, мени уурдап кетти. Бирок ал экөөбүз ынтымактуу жашай албадык. Бир жарым жылдан кийин күйөөдөн ажырашып, окуу жана бакыт издеп, Фрунзеге келдим. Ошол кезде окуум менен бирге ыр жазып, айрым гезит-журналдарга жарыялап жүрдүм. Алыкул агайдын ырларын окуй берип, эч бир кыргыз акындарына окшобогон укмуштуу ырларына тамшанаар элем.

Алыкул агайга мен да ашыктыгымды билгизип, чындап кат жаза баштадым. Ал катымды агай бекем сактап жүрүптүр. Ал кат азыр дагы Алыкул агайдын архивинде сакталуу. Аны сынчы Шаршенбек Үмөталиев толук карап чыктым дейт.

*     *     *

Бир күнү окуудан жаңы эле дем алышка чыгып, залда семинар жазып отурсам, бир жаш жигит келип, мага кат таштап кетти. Окуп көрсөм, мындай деп жазылыптыр: “Урматтуу Жамийлаш! Окуу, ал-жайыңыз кандай? Бир-эки күнгө биздикине мейманга келип кете аласызбы? Жаныңызга бир курдаш кызыңызды ала келсеңиз да болот. Күтөмүн… Саламым менен Алыкул!”

Мен дем алыш күнү бирге окуган бир кызды коштоп, агайдын үйүнө келдим. Жолдош кызым азыркы эл агартуунун отличниги Дүйшөкан Ниязбаева эле. Алыкул агай Фрунзедеги партиялык курста окуган жээни жана кош бойлуу аялы, дагы бир орус бабушка бизди урматтап, жайдары тосуп алышты. Ал күнү биз конуп калдык. Агай шампан ачтырып, ар бирибизге сөз сүйлөттүрдү. Эртеси курдашым кетип, мен жалгыз калдым. Агайдын үйүндө аялдын эч бир буюму жок эле. Жатуучу бөлмөсүндө кичинекей бир темир керебет, бир боз одеялды ирээттүү жаап койгон. Кагаз, жазуучу шкаф-стол. Үйгө кийчү тапочкасын бутуна сүйрөп алып, күрсө-күрсө жөтөлүп жүрөр эле.

Үйүнө кыргыз акын-жазуучуларынан бирөө да келип-кетпейт экен. Туберкулёз оорусунан качышчу тура. Өзү да ал учурда башкалардан корунгансып жашачу. Жалгыз Түгөлбай Сыдыкбеков агай бирге тамак ичишип, бирге кеңешип, бирге иштешип, бир туугандардай экен. Алыкул агай мени кучактап алып, өпкүлөп атканда Түгөлбай агай эшиктен шарт кирип келди. Мен уялгандан кызарып, арт жагына кире качтым. Ашканага кирип, эт асып, тамак даярдадым. Бешбармакка эт тууралып, табак коюлду. Бир убакта тамактан бөлдүрүп алып, бир бурчта жаш баладай бозоруп, “мага карабай алсаңар” деп жөтөлүп коюп отурду. Жеген эт тамакка буулуп, көзүмө жаш айланды. Эх чиркин-ай, өзү аябай таза, сезгич, маданияттуу адам эле. Ошондо мен, эсимде, сентябрь айы болуу керек. Боз шерсть костюмун кийип алып, Алыкул агай жай басып, биздин институттун эшигинин алдында мени күтүп калган экен. Бирге окуган кыздардын бири айтып келди. Мен жүгүргөн бойдон келип учурашып калдым. Алыкул агай:

— Жүрү, биздикине барасыңбы? Убактың барбы? – деди.

Мен:

— Баралы, — дедим.

Биз катар басып, чоң көчөнүн бактарын аралап келе жаттык. Үйгө келгенде ыр жазып, аягына чыкпай, армандуу жүргөндө агайга арнап мындай ыр жазганмын:

Ах Алыкул агай-ай!
Ак тиштерим от тиштеген
тишке окшойт.
аккан жашым ак булактын
түсү окшойт.
Алыкул деп, Алыкул деп турганым,
Чын сүйүү эмес,
Лириканын күчү окшойт.

*     *     *

Чачылып жашап жүргөнүн түшүндүрдү. Үстөлдө бет маңдайлашып, Алыкул агай көпкө күлүңдөп ойлуу отурду да:

— Жамийлаш, аялы да, күйөөсү да бирдей каламдаш акын болуш кандай сонун. Мисалы, Нуркамал менен Жантөшевди алалы. Кандай сонун, жуп келишкен, — деп калды.

Анда мен:

— Ырас агай, маселен кичинекей жазуу бөлмөсүндө Касмалы агай бир аңгеме жазып отуруп, Нукешти чакырып калат: “Ыр саптарына жардамдаш” – деп. Нуркамал күлүңдөгөн бала кыялдуу, жумшак болчу. Ал Касыкени эшикке чыгарып жиберип, калган мазмунун улап жиберчү экен…

Анда Алыкул агай:

— Макул, ошондой эле болсун. Мына бул ырдын аягын улачы, — деди. Мен залкар ойлуу акынга кайдан теңеле алам… Ошентсе да ал ыр мындай башталчу:

“Көрдүм, көрдүм ай көрдүм!
Ай ичинен жан көрдүм.
Ай чырайын аман көрдүм!..”

Анда мен:

“Көрдүм, көрдүм, анык көрдүм!..
Ай ичинен шам көрдүм.
Шамды кармап отурган,
Айдай кызын издеген
Алыкулдай жан көрдүм.
Мен да көркүн аман көрдүм,
Кош келишкен калам көрдүм”.

Алыкул агай шаңдуу күлүп жиберди да, тамагы кысыла түштү окшойт, көпкө ыкшып жөтөлдү…

Кээ бир жолдоштору акча сураса берүүчү эмес экен. Алардын өз ара сүйлөшкөн ушак сөздөрүн ичинен күңгүрөнүп, көп эле айтып калчу. Андай адамдарына:

“Кытмырдын ичи кырк кабат,
Кыркы бирдей кырк жамак.
Кытыраган ташы бар,
Кыйын болсо бир табак”, – деген.

А кээде аялзатына да нааралык кылып, бул ырын окуп калчу:

“Ачуу жана таттуусуңар сулуулар,
Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар.
Канча болсо шайы жибек көйнөгүң,
Дал ошончо көңүлүңдө сүйүү бар!”

Мен өмүрүмдө укмуштай таңгалганым, биринчиден, жашоо күнүндөгү оор кыйынчылыктары, жетишпегендиктери, укмуштай оор кесели, аялзаты менен түбөлүк коштошуусу, эл менен меймандашып, отуруштан тарткынчыктоосу жана башка иш түшкөндө аталаш эжеси үйүн, машинесин талашканы жана башка ушул сыяктуу тикенектүү ийнелердин учтарын калем менен кайрып салып, лирасы жайнаган чыдамынын күчтүүлүгү эле.

*     *     *

Мен агайдын оорусунан көп эле коркконум жок. Ага турмуш курууга макулдугумду берип, Нуркамал менен тез-тез кеңешип, жайкы каникулду күтүп калдым. Ошондо Нуркамал да ооруп калып, күндөрүм кайгылуу улана баштады. Экзамендерге даярданып, түйшүккө баттым. Мына, таң атты!.. Суук кабар… Суук кабар! Алыкул агай бул жарык дүйнө менен коштошуп кетиптир. Менин чекеме кара лента байлашып, агайдын табытынын жанына алып келишти. Элден уялдым. Же аялы болуп ачыкка да чыга элек элем. О-ой, кудай-ай, Алыкул агайдан кийин удаа Нуркамалдан да айрылдым!

(Уландысы бар)

“Кыргыз руху”, 2-декабрь, 1994-жыл. № 29 (143)? Булак: ruhesh.kg