Мумкунчулугу чектелген балдар кесиптик билим менен камсыз болууда

10 ноября 2019 Мумкунчулугу чектелген балдар кесиптик билим менен камсыз болууда

Бүгүн өлкөбүздө 300дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдарга кесиптик лицейлер билим берип келишет. Ал балдар It адистиги, чач тарач, ашпозчу, тигүүчү, ал эми угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган балдар ширетүүчү кесибине ээ болушуп, өздөрү айлык акы табыша алат.

Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов “Бул балдар коомдон четте калбай, татыктуу билим алышы керек. Алар үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Атайын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштей турган профессионал мугалимдер сабак беришет. Үч маал ысык тамак, жатакана жана бекер кесиптик билим менен камсыз кылабыз” – деп белгиледи.

Бишкек шаарындагы 18-кесиптик лицейде бүгүн 25 угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган балдар жеңил өнөр жай адистиги, башкача айтканда тигүүчү жана ашпозчу кесибине үйрөнүп жатышат. Буйруса алар эртең ишке орношуп коомго өз салымдарын кошушат. Бул балдарга көңүл бөлүп жаткан кесиптик окуу жайларга алкыш.

Автор:  Нурлан Эгемберди уулу