Баласына үй тапшырмасын түшүндүрмөкчү болгон эненин жүрөгү кармап калды

8 ноября 2019 Баласына үй тапшырмасын түшүндүрмөкчү болгон эненин жүрөгү кармап калды

Кытайда баласына математика сабагы боюнча үй тапшырмасын түшүндүрмөкчү болгон эненин жүрөк талмасы кармап, ооруканага түшкөн.

Бул иш Кытайдын Хубей шаарында болгон. 36 жаштагы аялдын айтымында, ал бир нече жолу 3-класста окуган баласына математика сабагын түшүнүрмөкчү болгон. Бирок, канча аракет кылса да баласына жеткире алган эмес. Бир аздан кийин аялдын ала кете баштаган.

“Мен абдан катуу ачуулангандыктан, жарылып кетейин дедим. Анан эле жүрөгүм катуу согуп, дем ала албай калдым”, - дейт эне.

Анын бул абалын байкаган күйөөсү дароо ооруканага жеткирет. Дарегер аялдын жүрөгү кармап калганын аныктап, дароо көмөктөшкөн.

Эне баласына үй тапшырмасын түшүндүргөндө өтө ачууга алдырып жиберет экен. Бирок, ал жүрөгү кармап калат деп ойлогон эмес.