Милиция Бишкекте жоголгон 28 жаштагы кызды издеп жатат

8 ноября 2019 Милиция Бишкекте жоголгон 28 жаштагы кызды издеп жатат

Бишкектин тургуну ноябрдын башынан бери туугандарына жана тааныштарына байланышка чыга элек. Милиция кыздын жүргөн жерин билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.

Милиция 28 жаштагы бишкектик Нургиза Жузуеваны издеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин нөөмөт башкармалыгынан билдиришти.

Кыз ноябрдын башынан бери байланышка чыга элек. Арызды ички иштер органдарына анын тууганы жазган.

Милиция кыздын өзгөчө белгилерин атады: жашы 28де, бою 165 сантиметр, өтө арык же толук эмес, чачы узун жана кара, көзү күрөң.

Эгер сиз бул кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңиз же жүргөн жеринен кабарыңыз болсо, милиция төмөнкү номерлерге байланышып коюуну суранат: 0(312)- 351-270, 0(701)351-270, 0(702)102-702.

sputnik.kg