Казакстанда дары-дармектин баасы 8% кымбаттады

6 ноября 2019

Казакстанда дары 8% кымбаттады. Бул статистика Energyprom.kz агенттиги жүргүзгөн мониторингтон улам билинди.

Изилдөөдө республиканын калкы 80% медициналык аппаратты өз каражатынан сатып алышканы белгилүү болгон. Мамлекеттин эсебинен  казакстандыктар дары-дармектин үчтөн бир бөлүгүн ала алышат. 

 «Дары-дармекке болгон баа жылдан жылга өсүүдө. 2018-жылдын сентябрь айы менен салыштырып караганда, бир жыл ичинде дарынын баасы 8.2% өскөн. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 7% түзгөн. Эң көп кымбаттаган витамин – 11.4%, анелгетиктер – 10.6%, корвалол жана антибиотиктер – 9.3 %», – деп жазылат маалыматта.