Эркектердин да "балалыгын алса" болобу? Жаш келиндин ичине батпаган сыры

6 ноября 2019 Эркектердин да "балалыгын алса" болобу? Жаш келиндин ичине батпаган сыры

Күйөөм экөөбүз Россияда жашап, иштеп жүргөнүбүзгө 5-6 жыл болуп калды. Менин жашым 25те, атым Асылкан. Бул жакка келгени түрдүү адамдарга туш болдум. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, биз бул жакта бир үйдө 10-15 киши болуп жашайбыз. 2 бөлмөлүү үйдүн бир бөлмөсүндө биз күйөөм, 2 балам, кайын эжем, кайын сиңдим болуп турабыз. Экинчи бөлмөдө 7 киши жашайт.

Жакындан бери мени бир маселе таң калтырып, ойлондуруп да келет. Же аны сурайын деп уялам.

Биз менен чогуу бир үй-бүлө жашачу – аялы жана күйөөсү. Менимче башында жакшы, бири-бирин түшүнүп эле жашап жатышкан. Анын эле бир күнү жумуштан келсем, баягы кошунанын аялы кетип калыптыр.  Мен таң калып, Кыргызстанга кеттиби деп сурасам, жок бөлөк квартирага чыгып кетти, ажырашып кетишиптир дешти. Күйөөсү бир менен жалгыз жашай берди.

Күндөрдүн биринде баягы кошуна аялды көчөдөн көрүп калдым. Ал-жай сурашып, бир топко чейин сүйлөштүк. Анан эле мени өзү жашаган квартирага конокко чакырып калды. Дем алыш күнү барарымды айтып, коштоштук.

Ошентип, дем алыш күнү эженин үйүнө бардым. Үйүндө эч ким жок экен. Элдин баары жумуштап, көчөдө жүргөндөрүн айтты. Чай ичип отуруп, жаңы турмушка чыкканын айтып, оозумду ачырды. Качан, кантип, күйөөңүзчү десем, аны менен иштин баары бүттү дейт.

Көрсө, биз менен жашап жүрүп эле, одноклассникиден бир бала менен таанышып, кат алыша баштаптыр. Анысы да өзүнөн жаш экен. Анан жолуктук дейт, бири-бирибизди жактырдык, анан мен аны менен жашаганга макул болуп, күйөөмдөн кетип калдым деди.

Мактанганы: сен билбейсиң да картайган эркек менен жашаган кандай экенин, а мен билем. Же нормально кандыра албай, же каалаганда жыныстык канташка барбай жүдөтөт. А бул сүйгөнүм болсо, жаш бала, билесиңби, үйлөнө элек, төшөк деген эмне экенин биле элек бала болчу. Мына мен аны эркек кылдым. Өмүрүндө биринчи мени менен жатты. Мен болсо анын “балалыгын алдым”. Эгер буга чейин жинди эрим менин кыздыгымды алган болсо, мен дал ошондой кылып, азыркы сүйгөнүмдүк балалыгын алдым. Ох, бир жыргадым дейсиң...

Сүйгөнүм болсо онтолоп эле, эс учун жоготуп жатып калды... Мен болсо аябай кумарга баттым. Анан кантип өзүм эркек кылган баланы таштап кетем. Азыр билесиңби төшөктө кандай иштерин? Жан жериңди тим эле жыргатат го, чиркин! Эми ошол эркекти башка бир оозун ачкан, секс деген эмне экенин билбеген кызга берип коюп, мен калып калмак белем деп өзүм жашап алдым, десе болобу...

Айылда кайненесинин колунда 2 баласы бар экенин, ата-энесинин көзү тирүү экенин билем. “Аларчы, аларга эмне дейсиз, кантесиз?” дей албай эле койдум. Ошондон бери эле коңшу экенин жогугун ойлоном. Негизи эркектердин балалыгын алабы, алса болобу? Күйөөмдөн сурайын деп, батынбайм...