Аялды оргазмга кантип жеткирүү керек? Эркектерге 7 кеңеш

6 ноября 2019 Аялды оргазмга кантип жеткирүү керек? Эркектерге 7 кеңеш

Эгер эркектер ушул эрежелерди карманса, анда аялдарды оргазмга кантип жеткирүү керек деген маселе такыр жаралбайт. Мындай эркектер ар дайым өзүнүн аялын канаттандыра алат. Бирок, эркектер ар дайым бир эле катаны кетире беришет.

1. Романтика үчүн шарт түз. Бул өтө маанилүү кеңеш. Романтикалык музыка коюп, жагымдуу сөздөрдү айта баштаңыз. Комплементтерди айтыңыз, анткени аялдар кулагы менен сүйөт. Аялдар үчүн жарык, жагымдуу жыт, шейшептин жумшак кездемеси, музыка, сүйүтүүсү айткан сөздөр баары маанилүү. Ал эми эркектерге секс тууралуу ойлонуу же же жылаңач денени көрүү эле жетиштүү.

2. Өтө кеңири тараган каталардын бири – бул шашылуу. Аялдар алдын ала сылап-сыйпалоосуз чыныгы ырахатка жетише албайт, алардын табияты ошондой.

3. Өтө аз аялдардын тобу алдын ала сылап-сыйпалоосуз ырахатка жете алышат. Көпчүлүк аялдар жалгандан ырахатка жеттим деп түр көрсөтүшү мүмкүн. Себеби, эркектердин анчалык көңүл бурбагандыгы. Алар өздөрүнүн эркектик каалоосун бүтүрсө болду.

4. Төшөктө эркин болушу керек. Эч качан эркектер да, аялдар да кысынбашы керек. Өзгөчө аялдардын эркин болушуна тоскоол болбош керек.

5. Аялдардын эрогендик аймактары жыныс органында жайгашпай калышы мүмкүн. Тилекке каршы, муну эркектердин баары эле биле бербейт. Ошон үчүн, аялдын бир эле жыныс органын сыйпалай берүү жетишсиз. Мүмкүн болсо, аялдын эрогендик аймактарын уялбай эле өзүнөн сурап алган жакшы. Же болбосо, эркектер аялдын денесин сылап-сыйпалоо кезинде анын аябай дүүлүккөн жерин билип алышы керек.

6. Айрым эркектер аялдардын кыңшылаганын укканда темпин жогорулата баштайт. Бирок, аял өзү суранмайынча ылдамдабай эле койгон жакшы. Кыңшылоо аялга жагып жатканын билдирет, демек ошол кыймылдан жазбаш керек.

7. Аялды оргазмга жеткирүүдө поза дагы чоң роль ойнойт. Көбүнчө аял эркектин алдында жаткан поза – аялдарды бошоңдотот. Бирок, муну аял өзү каалашы керек.