Адам жегич уруулаштарынан качып кеткен бала 14 жылдан кийин кайра кайтып келди

5 ноября 2019 Адам жегич уруулаштарынан качып кеткен бала 14 жылдан кийин кайра кайтып келди

Вава аттуу Индонезиядагы Папуа провинциясынын тургуну өзүнүн адам жегич улуулаштарына 14 жылдан кийин австралиялык теле жылдыз Мэтт Доранмен бирге келген.

Вава Комбая уруусунан чыккан. Бул уруу ушул күнгө чейин анчылык менен күн көрөт. Вава алты жашында ата-энесинен айрылган, андан кийин уруулаштары баланы сыйкырчы деп күнөөлөп, аны деп коймокчу болот. Бул эл адамдын этин жеп, анын рухун жиндерден бошотууга болот деп ишенет.

Ошондо, Ваваны индонезиялык жүк ташуучу куткарып калган. Ал баланы качырып кетип, өзүнүн уулундай тарбиялаган. 14 жыл Суматрада жашаган Вава азыр университетте окуп, христиан динин кабыл алган.

Мекенине кайра келген Вава өзүнүн агасы менен эжесин тапкан, ал эми жергиликтүү эл аны чын дили менен кабыл алган.

Комбая эли Жаңы Гвинея менен индонезиялык Папуа провинциясынын чек арасында жашашат. Алар бактын үстүнө үй салып, жапайы чочкону акча катары пайдаланышат. Акыркы жолу болу уруу адам денесин жиндерден бошотуу үчүн аны өлтүрүп, этин жеп келишкен.