"Биртууганчиктеги" актёр жол эрежесин бузганы үчүн айып төлөөгө даяр

5 ноября 2019 "Биртууганчиктеги" актёр жол эрежесин бузганы үчүн айып төлөөгө даяр

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан айдоочу өзү келип айып пулду төлөп кетсе болорун билдиришти.

"Биртууганчик" тасмасына тартылган актёр жана шоумен Бакыт Осмонканов жол эрежесин бузганы үчүн айып төлөөгө даяр экенин билдирди.

"Ооба, албетте, айып төлөөгө даярмын. Эреже бузганымды төгүндөбөйм", — деди актёр.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан айдоочу өзү келип айып пулду төлөп кетсе болорун билдиришти. Мындай эреже бузууга экинчи категориядагы айып каралып, 3000 сом төлөнүшү керек.

Эске салсак, буга чейин күбөлөр Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу "Россия" кинотеатрынын аймагындагы тротуарга кирип кеткенин, андан соң Тоголок Молдо көчөсүнө чыгыш үчүн аялдаманы аралаганын айтышкан. Күбөлөр окуянын видеосун дагы жиберишкен.

Ал эми актёр мындай кадамга барууга эмне себеп болгонун кабарчыга түшүндүрүп берген.

sputnik.kg