Ич кийимсиз уктаган пайдалуу

4 ноября 2019 Ич кийимсиз уктаган пайдалуу

Эгер толук жылаңач жана пижама кийип жатып уктаган адамдарды салыштары турган болсок (жада калса карыларды дагы), жылаңач уктагандардын уйкусу кыйла узак жана сапаттуу болот. Муну адамдын организми тер бөлүп чыгаруунун эсебинен температураны төмөндөтөт жана адам жакшы уктайт деп түшүндүрүүгө болот. Ал эми пижама кийип жаткандарда бөлүнгөн жылуулук сыртка чыкпай, уйкуга таасирин тийгизет.

Ошондой эле, жылаңач уктаган адамдын организминде май аз топтолот. Ал майлардын баары дененин кадимки температурасын кармап туруу үчүн коротулат. Ал эми пижама кийип жаткандарда май дененин түрдүү бөлүгүнө май топтоло берет.

Жылаңач уктоонун дагы бир жакшы жагы – кан басымдын төмөндөшү. Эгер сүйүктүүңүз менен жылаңач уктай турган болсоңуз, анда денелердин бири-бирине кыска убакытка болсо да тийүүсүнөн улам кубанычтын жана мээримдин гормону  окситоцин иштелип чыгат. Ал кан тамырлардын кеңейүүсүнө жана кан басымынын төмөндөөсүнө оң таасирин тийгизет. Бул никеде узак жашоонун дагы бир себеби.

Ал эми аялдарга кийинип жатып уктабаш керектигин гинекологдор айтышат. Анткени, ич кийимдин үстүнөн пижама кийип, анын үстүнөн төшөк жамынып жатуу жыныс органдарындагы бактериялардын жана инфекциялардын грибокторунун көбөйүүсүнө шарт түзөт. Жөнөкөй оозул (молочница) дагы жылуулуктан пайда болушу мүмкүн.

Сиз дагы пижама кийип уктайсызбы? Анда чечиниңиз!