Орусиянын Азиянын үстүндөгү канаты

10 ноября 2018 Орусиянын Азиянын үстүндөгү канаты

Өткөн жуманын аралыгында Кыргызстанда ЖККУнун “Кант” аба базасынын түзүлгөндүгүнө 15 жыл толгондугуна байланыштуу иш-чара өткөрүлдү. Ал Бишкектин борборунан анча алыс эмес Кант шаарында жайгашкан.

Кооптуу мезгил

Авиабаза кооптуу мезгилде пайда болгон. Анда терроризм менен күрөшүүнүн жаңы деңгээлине чыгып, америкалыктар союздаштары менен Ооганстанга кирип, талибан түзүмүнүн калдыктары менен согуша баштаган. Бул согушту колдоо үчүн АКШ кооптуу кылдаалдын фонунда региондо Кыргызстандын жетекчилиги менен авиабаза жөнүндө сүйлөшүүгө жетишип, ал борбордогу “Манас” аэропортунан орун алат.

ЖККУ базасы 2000-жылы Ооганстандан бандалык түзүмдөр республиканын чек арасына келип, андан кесип өткөн учурда ачылган. Алар менен күрөшүү авиация жок болсо, жеке аскердик мүмкүнчүлүк жетишсиз болсо, Кыргызстан сырткы аскердик коркунучка каршы тура албайт экенин көрсөттү. Андан кийин ЖККУ базасы пайда болду, анын милдети республикага согуштук коркунуч туулган учурда жана жалпы регионго авиациялык колдоо көрсөтүү.

Азыр Орусия Федерациясынын Борбордук аскер округунун Аба космостук күчтөрүнүн жана абадан коргонуу күчтөрүнүн курамына кирген аба базасында Су-25 штурмовиктери жана Ми-8МТВ тик учактары бар. Жакыда эде округдун маалымат кызматы билдиргендей, жылдын аягына чейин аба базасы модернизацияланган Му-25СМ штурмовиктерине ээ болот.

Аба базасынын 15 жылдыгына карата салтанатуу марш

Аба базасынын аскер кызматкерлери ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагындагы ар кандай биргелешкен машыгууларга катышат. Мисалы, кыргыз куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат-кызматы билдиргендей, Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” полигонунда “Өз ара аракеттешүү - 2018” деп аталган ЖККУнун Жаматтык ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгууларынын катардагы этабы аягына чыкты. “Жыйынтыктоочу этаптын жүрүшүндө десанттык-штурмовой, мото аткычтар, артиллериялык бөлүктөр, атайын дайынтыктагы топтор, ошондой эле ыраакы аскердик-транспорттук, штурмдук, армиялык авиацияны аба десанттарын түшүрүү менен аяктады”, - деп билдирди маалымат кызматы.   

Коопсуздук куралы

“Канттагы ЖККУнун аба базасы: Кыргыз Республикасында жана башка Борбордук Азия мамлекеттеринде коопсуздуктун жана туруктуулуктун кепилдиги” деген тегерек столдо республикасынын коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев сөз сүйлөп жатып, төмөндөгүлөрдү белгиледи: “ЖККУ аскердик-стратегиялык биримдик болуп саналат. Биздин республикада ЖККУЦдан ажкын уюм жок, анын максаттары өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга, регионалдык коопсуздукка багытталган. Негизги маанини аскердик-саясий жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү кызматташтыкты тереңдетүүнү түшүндүрөт, бул эл аралык экстремизмден жана терроризмден келген чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы турууга мүмкүндүк берет. ЖККУнун алкагында түзүлгөн жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү жана тынчтыкты орнотуучу күчтөр сыяктуу түзүмдөр олуттуу каатчылык кырдаалын чечүү үчүн таасир берүүчү ресурс катары каралат. Албетте, “Кант” аба базасында жайгашкан ЖККУнун авиациялык компоненти – бул бардык региондо коопсуздукту камсыз кылуучу олуттуу курал.

Бардык региондогу коопсуздук жөнүндө сөз кылуу менен Д.Сагындаев республиканын коргонуусун бекемдөөдө аба базасынын катыштыгы бар экенин белгиледи. Биргелешкен машыгуулар кыргыз армиясынын даярдык деңгээлин жогорулатат, ал республикага басып кирген бандалык түзүм менен согушкан 2000-жыл менен салыштырганда жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлдү.

Өз кезегинде ЖККУнун “Кант” аба базасынын командиринин орун басары Сергей Алексеев буларды белгиледи: “Аба базаны ачуу салтанатында Орусиянын президенти Владимир Путин: ал террористтер жана экстремисттер үчүн токтотуп туруучу жакшы фактор” болуп калат деп белгилеген эле. Убакыт анын сөздөрүн далилдеди. Кыргыз тарап база түзүлгөндөн бери жана ушул күндө да жардам көрсөтүп келет жана аны уланта бермекчи. Кыска убакыттын аралыгында учуучу-конуучу тилке даярдыкка келтирилди, турак-жай жана кызматтык бөлмөлөр оңдоодон өткөрүлдү. Башкача айтканда, база башкы милдети – ЖККУ күчтөрүнүн жердеги операцияларын абадан калкалоо үчүн баары жасалды. Учкучтар коюлган тапшырмаларды аткарууга даяр, бул ЖККУнун жана ШКУнун алкагында биргелешкен машыгуулары учурунда көрсөтүлгөн алардын кесипкөйлүк деңгээли менен тастыкталууда”.

Тегерек столдун ишине эмгек сиңирген сыноочу учкуч, Орусиянын Баатыры Магомед Толбаев катышты.

Согуш жана дүйнө

Канттагы аскер кызматкерлери бир эле аскердик даярдык менен алектенишпейт. Аба база бир аган аскердик эмес, социалдык объект да болуп калды. Жоокерлер жана офицерлер республиканын ккомдук жашоосуна эң эле активдүү катышып келет. Алар маал-маалы менен балдар үйүнө материалдык жардам көрсөтүп келет, мектеп окуучуларына аскердик-патриоттук тарбия берүү менен алектенет, пенсионерлерге жана муктаждарга жардам берип келет.

Мисалы, аба базанын маалымат кызматы билдиргендей, октябрдын ортосунда анын аймагында “Жаңы муун” жаш жоокерлеринин отрядынын мекенчилдик тарбиясынын деңгээлин жогорулатуу максатында тактикалык, ок атуу, медициналык жана парашюттук даярдыгы боюнча сабактар өткөрүлдү. Практикалык сабактардын жүрүшүндө окуучуларга курал-жарактардын заманбап үлгүлөрү, ок атуучу куралдардын бардык түрлөрү көрсөтүлдү. Балдарга ок атуунун, маккировканын, биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздери жөнүндө айтып беришти”.

Жакында эле аскер кызматкерлери Канттан анча алыс эмес Төмөнкү Серафимовка айылынын жашоочусу, алты баласын күйөөсү жок багып жаткан жалгыз бой энеге көмүр, тамак-аш азыктарын, балдарга кийим-кече жеткирип беришти.

Дагы белгилей кетчү нерсе, базанын аскер кызматкерлери республиканын маданий жашоосунда дагы актвидүү катышып келет. Сентябрда жоокерлер менен офицерлер Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык жарым марафонго катышты. Ага 19 өлкөнүн профессионал спортсмендери жана чуркоону жактырган 2200 адам катышкан.

* * *

Анчалык чоң эмес, бирок мүнөздүү деталь. “Манас” базасы менен коңшу болгон жылдары жергиликтүү калк америкалык аскер кызматкерлери менен маектешүү эң олуттуу жаңжалдары менен жаман экенине күбө болушту. Жергиликтүү калк менен алардын мушташтары, мас абалында унаа айдоолору, базанын ичиндеги жоокерлердин өз ара тирешүүлөрү өздөрү үчүн эле жооп берип турат. алар соттук териштирүү үчүн негиз да болгон, анан калса америкалык баңги затын колдонуп алган жоокер борбордогу аэропорттун кызматкерин өлтүрүүгө чейин барган окуялар бар.

Ошол эле учурда ЖККУнун базасы түзүлгөн баштап бир дагы орусиялык аскер кызматкеринин тартип бузуусу байкалган эмес. Ал эми жоокерлердин жана офицерлердин республиканын коомдук-сасяий жашоосуна активдүү катышуусу бийликтин жана жергиликтүү калктын алкышына татыды.

Булак: http://stanradar.com/news/full/31628-krylja-rossii-nad-aziej.html?fbclid=IwAR0ftVqwO5RaMLrPRDDi-O_V-CxCUJjotg1jdBMqMTANawqEMnSZteE5P8A