Узак жылдар аралыгында Пакистан өзүнүн чек арасындагы тынчсыз кырдаалдан улам ички өнүгүүсүнө көңүл бура алган эмес. Исламабадга жардамга кытай-пакистан экономикалык коридорун куруп жаткан Пекин келди, анын пакистандын Гвадар портун ири соода хабына айландырууга мүмкүнчүлүгү бар. Эгер Пакистандагы индустриализация ийгиликтүү болсо, анда ага орусиянын газы жана ЕАЭБ менен эркин соодадалашуу керек болот, - деп эсептейт мурунку дипломат, Исламабаддын Илам жана технологиянын улуттук университетинин Кытай жана глобализация борборунун илимий кызматкери, профессор Замир Ахмед Аван. Ал орусия-пакистан мамилелери кандай өнүгүп жаткандыгы, Пакистан менен Кытай кандай долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы, ошондой эле региондогу күчтөрдүн балансына Индия тарабынан орусиялык С-400дү салып алуу кандай таасир тийгизгендиги дөнүндө айтып берди.
- Аван мырза, орусия-пакистан мамилелерин сиз кандай баалайсыз? Өлкөлөр кандай багытта кызматташып жатышат?
- Орусия-пакистан мамилелери акырында бекемделүүдө жана жаңы бийиктиктерге жакындоодо. Биздин мамилелер экономиканы, саясатты, коргоону, маданиятты, илимди жана технологияны кошкондо, бардык багыттар боюнча өнүгүүдө. Алмашуу программалары, ШКУнун алдында жүргүзүлүүдө; биз биргелешкен аскердик жана терроризмге каршы машыгууларды өткөрдүк. Пакистан дагы аскердик техниканы диверсивикациялоого кызыктар. Пакистан менен Орусия негизинен ШКУнун алкагында кызматташып келет, эки тарап тең бардык мүмкүн болгон тармактарда мындан аркы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүшкөн.
- Сентябрдын аягында Орусиянын энергетика министринин оурн басары Анатолий Яновский жана анын пакистандык кесиптеши Шер Афган-Хан деңиз түтүк өткөргүчүн курууда кызматташуу жөнүндө мемарандымга кол коюшту. Сиз бул долборлун өнүгүү келечегине кандай баа бересиз?
- Пакистан – бул энергетикалык дефицити бар өлкө, биз энерготашуучу заттарга көз карандыбыз.
Орусияда жаратылыш газынын запасы жана деңиз өткөрмө түтүктөрү менен иштөө тажрыйбасы чоң. Бул пакистандык энергетикалык дилеммада туруктуулук булагы болуп калмак.
Жакындагы эле АКШнын перзиденти Дональд Трамптын Германия тарабынан орусиялык газды сатып алууга болгон каршы пикири – бул орусиялык газ индустриясы үчүн коркунучтуу жаңылык, ал дагы башка варианттарды карап көрүүсү керек. өткөрмө түтүк Пакистанга өзүнүн экономикасын көтөрүүгө, энерготашуучу зхаттардын булагын диверсификациялоого жардам берет, ошондой эле орусиялык газ компанияларына кыйла кеңири керектөөчүлөрдүн базасын берет, анткени Пакистанда газ ар бир үйгө керек.
- Пакистан менен ЕАЭБдин кызматташуу келечегине сиз кандай баа бересиз?
- Евразиялык регион жаратылыш ресурстарына абдан бай жана Пакистан анын дараметин түшүнөт.
Пакистан ЕАЭБ менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүп, көп нерсеге ээ болот деп ойлойм. Мен мындай макулдашууга жакынкы убакта кол коюуну сунуштайт элем.
Пакистан – бул Евразия жана калган дүйнөнүн ортосундагы көпүрө, жаңыдан пайда болуп жаткан соода маршруту. Гвадар – товарларды жөнөтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүгү бар региондогу жалгыз терең суулуу порт. Авто унаа жана курулуп жаткан темир жол тармактары евразиялык сооданы кыйла жеңилдетет.
Пакистан – англис тилдүү өлкө, биз сервис секторунда чоң роль ойной алабыз. Өлкөнүн калкы 220 млн кишини түзөт жана бул өзү эле чоң рынок. Бирок, негизги биздин ролубуз – Жакынкы Чыгышка, Африкага жана Европага жол ачып берүү.
- Пакистан менен Кытай автивдүү кызматташып жатат, буга мисал болуп кытай-пакистан экономикалык коридору саналат. Бул долбоор региондун өлкөлөрү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет?
- Кытай-Пакистан экономикалык коридорунун (КПЭК) алкагында Пакистан өзүнүн инфратүзүмүн оңдпо, жакшыртып алды. Ооган согушунун айынан Пакистан акырык ондогон жылдар бою өнүгө албай келген, ошондуктан башка дүйнөдөн артта калган. Эми болсо, КПЭКтин жардамы аркасында инфратүзүм жакшы өнүктү. Пакистандын бардык региондорунун транспорттук жеткиликтүүлүгү жана байланышы кыйла жакшырды. Мындан бардык коңшу өлкөлөр пайда табышы мүмкүн, ШКУнун мүчөлөрү артыкчылыкка ээ. Гвадар бүткүл региондо ири соода хабына айланыт, ал Евразияны Аравий деңизи менен туташтыра алат, аны менен келечектеги бүткүл борбор азия мамлекеттеринин жана Орусиянын соодасы үчүн табигый маршрут боло алат.
Орусия КПЭК долбоору аягына чыккандан кийин индустриалдык Пакистандын ири бенефициары болуп калат, анда энерготашуучу затка муктаждык чоң болот. Ал ошондой эле, пакистан жолдорунун мыкты тармагы жана порттук шаарлары менен колдоно алат. Пакистандык транспорттук тармагын жакшыртуу – бул бүткүл регион үчүн уттурбай турган кырдаал.
- Пакистан менен Кытай региондо кандай жаңы ири долбоорлорду ишке ашырганы жатат?
- Пакистан жана Кытай регионалдык байланышты, гарманияны, тынчтыкты жана туруктуулукту өнүкүтүрүп жатат. Азыркы учурда биз инфратүзүмдү өнүктүрүүгө басым жасап жатабыз жана жакында индустриализацияны ишке киргизебиз. Атайын экономикалык зоналар пландоонун жана иштеп чыгуунун түрдүү стадияларда турат. Бүткүл регион инвестициялоо, соода жана индустриалдаштыруу чөйрөсүндө Пакистандын жагымдуу саясатынан пайдаланы алышат.
- Сиз билгендей, Индия Орусиядан С-400 ракеталык комплексин салып алды. Пакистандын дагы так ушундай кадам кабуу ниети барбы?
- Пакистан менен Индия – ядролук держава, күчтөрдүн балансын карманып турган фактор. Мумбаидеги окуялардан кийин индиялык тсратегдер “муздак старт” доктринасына келишти, ага каршы Пакистан жооп катары чараларды тездик менен кабыл алып, стратегиялык тактикалык ядролук куралды иштеп чыкты. Индия буга топтоштурулган өч алуу доктринасы менен жооп берди. Буга Пакистан толук спектрдеги доктрина менен жооп кылды.
Индия С-400дү сатып алуу менен эки мамлекеттин ортосундагы күчтүн дисбалансын түздү. Мэи Пакистан бул коркутууга жооп берүүгө аргасыз болот.