“Күйөөм зордуктай берет, ошон үчүн алдыртып таштайын деп жатам...” деген сөздү укканда эрксизден бурулуп карадам. Мени менен чогуу бир палата жаткан үч келин дагы бурулуптур. Жүдөө кийинген келин өз окуясын айтып отурду.
Мен: “Неге алдырасың? Кудайдан коркпойсуңбу?” дедим чыдабай. Келин: “Күйөөм алдырып ташта деп жатат. Анын үстүнө, өткөндө кан кетип, катуу кыйналдым. Ушинтип жүрүп, эртеңки күнү бир жери майып бала тууганча, азыр эле кутулганым жакшы. Үйдөгү үч балама кудай өмүр берсин” дегенде ичиркенип кеттим.
“Баарыңар мага таңыркап карайсыңар... Менин күйөөм ушундай... Ооруп турам, колум бош эмес, үйдө кишилер бар дегенге карабайт. Ал каалаган учурда мен даяр болушум керек. Мурда эишиги жок бөлмөдө турчубуз. Аркы бөлмөдө кайын-жумтум жатчу... Ошол кезде кысылып, кайындарымдын уктаганын күтөлү дегенге да карабайт эле. Боюма бүткөндө дагы далай ирет каршы болуп көрдүм. Баары бир ошол... Төшөккө жаткырып алып, кыйнап туруп керегин алат. Эл айткан “төшөк ырахаты” деген нерсени такыр билген жокмун... Мен андайдын бирин да сезбедим. Айтор, менин денемди оорутуп, кыйнаганды жакшы көрөт. Кээде өзүн кармаш албай калат...”
Келиндин өңүн карап, денеси мерез болуп калганын байкадым. Эти катып калган сыяктуу. Мунун баарын жайынча гана баяндап жатты.
“Неге андай кылат? Ден соолугу жайындабы? Акыл-эсичи?” деп келиндердин бири чыдабай сурап жиберди.
“Дени-карды соо. Бирок, кээде акыл-эси чын эле жайындда эмес го деп ойлоп кетем... Чынында, кадимки жашоодо өзүн жакшы алып жүрөт. Туугандар менен мамилеси жакшы. Мени урбайт, сокпойт. Балдарына да мээримдүү. Бир гана түндө... төшөктө аябайт. Башында катуу ооруп, эртең менен тура албай кыйналам. Ага боюмда бар экендигин айтсам да, токтолгон жок, кыйнай берет. Бир түндө эки-үч жолу кайталаганда, жаным чыгып кетейин дейт. Ошентип жүрүп, үч баланы өмүргө алып келдим. Ошонун азабын эми тартып жатам. Эми жатынымдан кан көп кете бурган болду. Дарыгерлер да ден соолук үчүн баланы алдыруу керек деп жатышат. Алар да көзү жеткен үчүн айтып жатышат да. Дарыгерлер боюма бүткөндө бир ай төшөк оюндарын токтотуп туруу керектигин айтышкан. Күйөөм ага да караган жок... Оюна келген кезде төшөктү көздөй сүйрөп жөнөйт. Анан курсактагы бала жыргамак беле?!”
“Аны жакшы көрөсүңбү? Андай адам менен кантип жашап жатасың?” деген суроомо: “Жакшы көрүү деген эмне экенин дагы унуттум. Таанышкан кезде сырткы келбетин жактыргам. Бири-бирибизди жакшы биле электе үйлөнүп алдык. Эми мага балдарым аман болсо болду. Үй ишин акырын бүтүрүп жүрө берем. Болгону, акыркы учурда төшөк катнашынан кийин катуу ооруй турган болдум. Башым, белим, жатыныма чейин какшап ооруйт. Ооруду десем да токтобойт экенин билип, анын алдында чыдап жата берем. Эркектер жашы өткөндө бир аз токтолот дешен го. Ошондо бир аз дем алармын...”
Бул сөздөрдөн кийин эч кимибиз үн каткан жокпуз. Акыл да айтпадык, сураган да жокпуз. Кийин күйөөмдөн эркектерде ушундай болобу деп сурасам: “Садизмдин белгиси го... Садизм да оору да” деп кыска жооп берди.