Той өткөрүү үчүн алынган карыздар

10 ноября 2018 Той өткөрүү үчүн алынган карыздар

Өлкөбүздөгү өткөрүлүп жаткан үлпөт тойлор акыркы убакта терс пикирлерди, карама-каршы  түркүн ойлорду жаратып келет. Анын себеби бул иш-чарааларга сарпталып жаткан акча каражатында жатат.

Ар кандай сурамжылоолорго таянсак, орточо эсеп менен өлкө жарааны бир чакан той өткөрүү үчүн жүз миң сомдон ашык коротот. Белгилеп кетчү жагдай, бул көрсөткүч эң эле орточо алынган баа.

Бир нече күнгө созулган, өтө шаңдуу тойлор коомдо кадимкидей көрүнүшкө айланган. Бул кыргыздын өтө маанилүү каада-салттарынын бири болуп саналат.

Алардын чыгашасын эч бир мамлекеттик мекеме көзөмөлдөбөйт. Анткени, кандай машстабда жана кандай суммадагы акчага той өткөрүү - бул ар бир жараандын өз эрки, каалоо.

Балким, ошондуктан улам бири-бирин аша чаап, үлпөт-тойлорду мелдешке айлантып жатышат.  Чоң ресторанды ижарага алып, көрктүү, мол дасторкон даярдап, ал түгүл, тойго жылдыздарды чакырып, эң аз дегенде, төрт жүздөй конокту сыйлаган-азыркы убактын кадимки көрүнүшү.

Бул абал өзүнчө тымызын коомдо кабыл алынган мыйзамга да айланган. Андан ашып түшсөң, жаңы той рекордун коесун да, эл арасында "Ме, сага көрдүңбү! Укмуш той, байлыкты камдап алган экен”, же болбосо устукан, белектер азыраак берилип калган коноктор “жеп алган тура, отурбайбы зыңкыйып, кантсе да аткаминер да” деген сөздөр да көпкө чейин айтылып жүрөт.

Ал эми элде кабыл алынган коомдук мыйзамдан айырмаланып, тойду чакан кылып, жүздөй конокту айтып, аз эле акча жумшап өткөрсөң, анда “кыйын абалда го, алы жеткен эмес окшойт” деген пикирге туш болосуң.

Андан тышкары, той кылганыңды билген, бирок ага чакырылбай калган сыйлуу конокторуң да кийин өз учурунда бул кылыгыңды сөзсүз түрдө эстетип коюшат. А бирок, байкуш колунда жок адамдар эмне кылсын? Же болбосо кыйын абалда болгон жараандар элге теңелем деп абалын андан да татаалдаштырып алышат.

Бир гана “Эл эмне дейт?” же болбосо эң опурталдуу “Ай, эртең элдин арасында кантип жүрөм? Уят болом го!” деген көз караштар бүгүнкү күндө көптөгөн көйгөйлөрдүн себеби болуп жаткатдай.

-Ошондой көйгөйлөрдүн бири-бул той өткөрүү үчүн банктан алынган насыя.

Күздө чоң баламды үйлөндүрдүк. Той үчүн банктан төрт жүз миңдей карыз алган элем. Карызды доллар менен келишип алганмын. Азыр доллар көтөрүлүп жаткандыгынан улам кредиттин пайыздарын төлөй албай калдым.

Үй-бүлөм чоң. Үч уул, бир кызым бар. Уч уулумдун баары студенттер. Өзүм мугалим болуп иштейм. Жубайым болсо бала бакчада. Азыр оор абалда калдык. Ошондуктан чоң уулумдун окуусун токтотуп, аны Оруссияга жөнөттүк.

Айылда жер үлүшүм бар эле. Аны сатып,төлөйүн деп ойлогом. А бирок, ал да көп убактан бери сатылбай жатат. Чынында эле тойго көп акча короттук. Анан эмне кылат элек. Улуу уулум болсо, анан да биринчи жолу чоң үлпөт өткөрүп жатсак...

Жоро-жолдоштордун, туугандардын баарын чакырбасак да болбойт. Аларга татыктуу дасторкон жайып, белек бериш керек. Эми экинчи баламдын тоюн чакан кылып эле өткөрөбүз го. Бул пикириме балам да кошулат. Анткени, кыйналып жатканыбызды көрүп, өтө сарсанаа болуп жатат.

Бирок, жубайым экинчи баламдын кайын-журту  “Биринчи баласынан экинчисин кемсинтип, андан акчасын аяшыптыр” деген сөз чыкпайбы деп өзүнчө сарсанаа. Баягы эле “эл эмне дейт” деген түбөлүк көйгөй.