Маалыматта Кытайда өстүрүлгөн алмалардын фитосанитардык тобокелдиги жогору болгондуктан, карантинге алынгандыгы кабарланды.
Кыргыз-кытай "Торугарт" чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан кечээ, 29-октябрда, Кыргызстандын аймагына киргизилип келе жаткан 50 тоннадан ашык алма кайра Кытайга кайтарылды. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинен кабарлашты.
Маалыматта алмалардын фитосанитардык тобокелдиги жогору болгондуктан, карантинге алынгандыгы кабарланды.
"Анда ЕАЭБдин техникалык регламенттерин жана Бирдиктүү карантиндик-фитосанитардык (маркалоонун жоктугу жана тез бузулуучу азыктарды ташуу) талаптары бузулган. Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери текшергенден кийин карантинге алынган продукциянын партиясы Кыргызстандан Кытайга кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.
Жүктүн мыйзамсыз экени коштоочу документтерди жана жүктү карап, текшерип жатканда аныкталган.