Малайзияда 11 жашар кыз менен нике кыйып, дүйнө элин ачууландырган 41 жаштагы имам айыппул төлөп, кутулуп кетти. Имамдын бир нече аял алууга уруксаты жок болгондуктан, ал шарият боюнча 900 рингтит (15 147,8 сом) айыппул төлөгөн.
Белгилей кетсек, Малайзияда 11 жаштагы кыз менен 41 жаштагы эркек никелешкен эле. Кыздын ата-энеси жакырчылыктан кыйналгандыктан, кыздарын эрте турмушка беришкен. Алар бир гана күйөө баласынын кыздары 16 жашка толгонго чейин өздөрү менен туруусун суранышкан. Ошондо кыздын атасы эмнеликтен аны 41 жаштагы имамга турмушка бергенин түшүндүргөн эле.
“Мен аны үчүнчү аял кылып алгандан кийин, социалдык тармактарда мага айтылып жаткан сындар менен түрдүү айыптоолор үчүн катуу ачууланып, капа болдум”, - дейт Абдул Карим.
Белгилей кетсек, Каримдин эки аялы, алардан алты баласы бар. Имамга айыппул салуунун бир себеби, анын эки аялы үчүнчү аял алууга уруксат беришкен эмес.