Абылгазиев 16 аткаминерди ишиндеги алешемдик үчүн жазалады. Тизме

30 октября 2019 Абылгазиев 16 аткаминерди ишиндеги алешемдик үчүн жазалады. Тизме

Саламаттык сактоо министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин дээрлик бардык жетекчилиги өкмөт башчынын каарына калды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрдин жана мекеме жетекчилеринин 16 орун басарына, статс-катчысына эскертүү берип, сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн 15-октябрда чыккан токтомунда жазылган.

Алар "жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн" жаза алышканы айтылат.

Эскертүү берилген аткаминерлердин тизмеси:

Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева;

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев;

Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова;

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев;

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Токтогул Туманов;

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бекболот Алиев.

Сөгүш берилген аткаминерлер:

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадаминжан Каратаев;

Саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев;

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев;

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев;

Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Жакып Карагул уулу;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Калиман Маматова.

sputnik.kg