30 октября 2019
Израиль бийлиги турмушка чыга элек аялдарга ылайык документтери болгон учурда суррогат эненин жардамына кайрылуу укугун берди, деп iz.ru сайты кабарлайт.
The Jerusalem Post басылмасынын маалыматында, мындай укук жалгыз бой эркектер менен гомосексуалдарга берилбейт. Бул жаңылык гомосексуал, бисексуал, трансгендердик адамдардын нааразычылыгын жаратты.
Израилде бир жыныстуу нике расмий түрдө мыйзамдаштырылбагандыктан, кнессет “ар кайсы жыныстагы генетикалык жалгыз бой эне – эне” тууралуу сунушту кабыл алган жок.