Дүйнө өлкөлөрү педофилдерди кантип жазалайт?

29 октября 2019 Дүйнө өлкөлөрү педофилдерди кантип жазалайт?

Акыркы убакта коомдо педофилия дарты өсүп барат. “Педофил” сөзүн уккан калктын төбө чачы тик туруп, жан кейитер абалга жетти. Дүйнө өлкөлөрү “Акыр заман оорусу менен” болушунча күрөшүп, “бала кумарларга” бөгөт коюуда.

Чет мамлекеттерде педофилдер менен күрөш кандай жүргүзүлөрүн жана жаза түрлөрүнүн кандай болорун назарыңыздарга сунуштайбыз.

Химиялык жол менен бычтыруу

Казакстанда ушул жылдын 1-январынан баштап педофилдерди химиялык жол менен бычтыруу тууралуу мыйзам күчүнө киргени белгилүү. Арадан алты ай өткөнү менен, азыркыга чейин өлкөдө бир да педофилге карата медицианалык мүнөздөгү мажбурлоо чарасы колдонула элек.

Химиялык кастрация бул өлкөдөн башка, Франция менен Улуу Британияда, Бельгия, Данияда караштырылган.

Францияда химиялык жол менен бычтыруу ыкмасы 2005-жылдан бери колдонулат. Чечимди сот менен дарыгер ортосунда далдал функциясын аткарган психиатр-координатор кабыл алат. Педофилдерге тандоо берилет – химиялык кастрацияга макул болуу же психиатриялык оорукананын дубалында түбөлүккө калуу.

АКШ да педофилдерди башынан сылабайт

Америкада 1990-жылдары күчүнө кирген аргасыз кастрация тууралуу мыйзам колдонуп келет. Ага ылайык, эгер соттолгон адам жазасын өтөп чыккандан кийин, кайрадан жыныстык мүнөздөгү кылмыш жасаса, анда сот химиялык жол менен бычтыруу жазасын белгилейт. Бирок, сот кылмышкерге химиялык кастрация жазасын аныктай албайт, ага күнөөлүү өз эрки менен макул болушу мүмкүн.

Америкада колдонулган дагы бир ыкма – электрондук билелик менен электрондук мониторинг

Биринчи жолу бул идея 1979-жылы Нью-Мексико штатында жүзөгө ашат. Бир нече жылдан кийин беш штатта бийлик жазасын өтөп чыккан жүздөгөн педофилди электрондук билелик кийүүгө милдеттендирген. Эгер педофил мектептин жанында айланчыктап жүрүп алса, дароо полициялар келет.

Өлүм жазасы

Кээ бир өлкөлөрдө педофилдерге абдан оор жаза берилет. Мисалы, Кытайда педофилдин баланы зордуктаганы далилденсе, дароо өлүм жазасына кесет. Ошондой эле, сот чечими менен физикалык кастрация жазасы да белгилениши мүмкүн.

Иранда дарга асуу же атуу аркылуу эл алдында өлүм жазасына кесилет.

Түндүк кореяда педофилди өз курмандыгы өлтүрөт: күнөлүүгө атуу жазасы белгиленет, ал эми зордукталган бала ошол атуу командасынын курамында болот.

Ал эми Египетте соттолгондорду эл алдында дарга асат.

Индия өкмөтү да быйыл 12 жашка чейинки кыздарды зордуктаган педофилдер үчүн өлүм жазасын киргизди.

Мындан тышкары, педофилдерге өлүм жазасы Сауд Арабияда, Латын Америка, Түштүк Корея, Ирак менен Африка өлкөлөрүндө караштырылган. Африканын кээ бир өлкөлөрүндө педофилдерди жада калса тирүүдөй өрттөп жиберет.