Кызынын сойку экенин билген атасы аны өлтүрүп салды

29 октября 2019 Кызынын сойку экенин билген атасы аны өлтүрүп салды

Азербайжандын Баку шаарында кызы тууралуу ушак тараганына ачууланган атасы аны өлтүрүп салды.

57 жаштагы Ильгар Паша оглу Гурбанов Бакуга айылдан келип, 27 жаштагы кызы Айсель Мамедли менен жолугат.

Жолугушуунун жүрүшүндө экөө урушуп кетип, атасы кызынын тартипсиз экенин бетине басат.

Жаңжалдын аягы кайгылуу окуяга уланып, Гурбанов кызынын көкүрөгү, тамагы менен ичине бычак сайган. Кыз окуя болгон жерде каза болот.

Кырдын атасы полицияга өзү колго түшүп берип, кызы жөнүндө сойку деген ушак тарап кеткени үчүн өлтүргөнүн айткан.