Ажар Алапаева: Биздин муун көрүп өскөн “үлгүлөр”

9 ноября 2018 Ажар Алапаева: Биздин муун көрүп өскөн “үлгүлөр”

Facebook тармагынын активдүү колдонуучусу Ажар Алапаева Кыргызстандагы коомдук-саясий турмуштун, аягы жок минтингдердин, бирин-бири каралаган саясатчылар менен чиновниктердин жаштарга тийгизген таасири тууралуу оюн бөлүшкөн пост жазып жарыялады. Чынында эле, келечек муунга үлгү болуп, жол көрсөтүүнүн ордуна, күн сайын бир чырдын башынан чыккан агалар менен эжелер акылына келген кезде кеч болуп калбаса экен. Антсе да, алардын кылык-жоруктарын ылгап, туура сабак алган жаштардан уучубуз куру эмес. Сиздерге Ажар Алапаеванын ой-толгоосун сунуштоону туура көрдүк.  

Бүгүн, жаңылыктарды жана аларга жазылган пикирлерди окуп, митингдерден алынган видеорепортаждары көрүп чыгып, ушул постту жазууну туура көрдүм.

Ошентип, 2005-жылы биринчи революция болгондо мен 14 жашта элем. Ага чейин мен жакшы өлкөдө жашайм, анда түндүк менен түштүккө бөлүнбөгөн, дүкөндөрдү талкалап, уурулук кылбаган, бирөөнүн оор абалынан пайдаланбаган сылык-сыпаа адамдар жашашат, деген ойдо болчум. Мектепте кыргыз гимнин кыргызча жаттагысы келбеген классташым менен урушканым эсимде. Дүйнөдөгү эң жакшы өлкө биздики, биз мыйзамды сакташыбыз керек, тилибизди сыйлашыбыз керек деп көп сөздөрдү айткан элем.

Ошол күнү мен азык-түлүк алганы “Народный” дүкөнүнө баргам. Тынчсызданган апам мага телефон чалып, менин кайда экенимди билип, үйдөн чыкпай отурушумду суранган эле. Мен: “Эртең кайра келип, шашылбай карап, өзүмө таттуу алам”, - деген ой менен үйгө келгем. Бирок, эртеси таңында мен “Народный” дүкөнүнүн талкаланганына күбө болдум: айнектери сынган, бардык жак таштандыга толгон, текчелери бош болчу. “Дордой Плазанын” алды таштадыга толуп кетиптир, шаардыктар шок болуп, эмне кыларын билбей жүрүштү. Жада калса үйдүн алдындагы кичинекей дүкөндү дагы талкалап, тоноп кетишиптир. Бирөөнүн чоң, кооз дүкөнүн талкалап, ал жактагы болгондун баарын уурдаса болот деген ой менин акылыма буга чейин түк келген эмес. Ошондо мен биринчи жолу “мародер” деген сөздү угуп, алар эмне менен алек болорун билдим. Мен ушул күнгө чейин мародерлорду түшүнбөй келем. Башламандык жана ызы-чуу кулачын жайып турган чакта өз элин тоноп, алардын тапкан дүйнөсүн тартып алууга кантип дити барат...    

Бизге, өсүп келе жаткан кийинки муунга мына ушундай "үлгү" көрсөтүштү. Алар жаштар азыр бой жетип, алды 30га таяп, арты 20дан ашып калды. Дал ушул жаштар келечекте саясатчы, мамлекеттик чиновник, ишкер, жада калса жаңы оппозициячылар дагы болушу мүмкүн. Алар Кыргызстанда бардык маселелерди митингдерди өткөрүү менен, жарандардын добушун сатып алуу менен чечүүгө болорун жакшы түшүнүшөт.

Мен 7 жашка толгондо чоң апам алысыраак тууган эжебиз тууралуу айтканы эсимде. Ал Куловду колдогон митингдерге чыгып (Акаевдин доорунда), акча таап, жан бакчу. Чоң апам аны актап: “Ал пенсиядагы адам, эптеп жанын багыш керек да, бул анын жалгыз киреше булагы”, - деп айта берчү. Бирок, ал ал аялдан өзүмдү оолак кармап, чоң апамды дагы аны менен сүйлөшпөй эле койчу деп суранат элем. Мен анда кичинекей болсом дагы, акча үчүн митингге чыгып кыйкыруу – адамдын кадыр-баркын төмөндөтүп жиберерин түшүнгөм.

Студент кезимде экинчи революция болду. Алма-Ата көчөсү менен ылдый Ак үй тарапты көздөй бараткан жоон топ элдин кыйкырыгы биз сабакта отурганда угулган. Андан кийин үйгө араң жеткенбиз, себеби жоон топ эл бизди – жаштарды аларга кошулуп, аянтка баргыла деп чакырып жаткан. Биз үчүн бул революция жаңылык деле болгон жок, адаттан тыш көрүнүш болуп, шок да болгон жокпуз. Бирок, бул жолу биз адам канына күбө болдук, адамдар бири-бирин уруп, өлтүрүп жатканын көрдүк. Кийинчерээк бизге теледен бийлик үчүн бири-бири менен мушташкан, пара берген, алдаган, эки жүздүүлүк кылган, бирин-бири телефон аркылуу жамандаган адамдарды көрсөтүштү (ал кезде муну күн сайын теледен көрсөтүп эле болбой калышкан эле). Ошол көрсөткөн үлгүлөрүңөр үчүн “рахмат”!

Андан ары бүтпөгөн митинг, тирешүүлөр башталды. Кээ бир саясатчылар өз мисалында эле кантип чоң акча уурдап, же болбосо жол эрежесин бузуп, бир нече кишини өлтүрө сүзүп, түрмөдө бир дагы күн отурбай койсо болорун көрсөтүштү. “Үлгү” эмес дейсизби?

Бул кишилер балдарга жана өсүп келе жаткан жаштарга кантип уурдап, жазадан кантип качууга болорун, параны берип, аны кантип алуу керектигин өз жүрүм-турумдары аркулуу “үлгү” кылып үйрөтүштү.

Ал кишилер төмөнкүдөй жоруктарга:

-Өлкөдө баардык иш тааныштар аркылуу бөтөрүн;

-Эгер сенин Жогорку Кеңеште иштеген байкең же тайкең болсо, ал киши сени штаттан сырттагы жардамчы кылып жумушка алып аларын, андыктан окубай деле койсоң болорун;

-Мыйзам менен эрежелерди бузуп туруп, анан укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө “корочкаларды” көрсөтүп, алардын беделин моралдык жактан түшүрүүгө болорун;

-Милиция сени ар дайым эле коргой албайт экенин (анткени, ал жакта иштеген ага-эжелер бизге “үлгү” болгондордун бири да);

-Адамдарды жынысына, карманган динине, улутуна жана жашаган аймагына карата бөлүү керектигин;

-Эгер кимдир бирөө сенин оюнду тең бөлүшпөсө, ага орой мамиле жасап, жада калса анын өлүмүн тилөө керектигин үйрөтүштү.  

Бул тизмени уланта берсе абдан көп...

Мен Кыргызстанды жакшы көрөм. Элимди жакшы көрөм. Болгону өздөрүнүн жаман жүрүм-туруму менен үлгү болгон, өз өлкөсүнүн өсүп келе жаткан мууну тууралуу ойлобогон адамдарды жактырбайм.

P.S. Бул посттун алдына жаман сөз жазуунун кереги жок. Бул пост – менин жүрөгүмдү өйүп келген маселе. 

 

Булак: chabarman