Уйкудан араң ойгондо күйөөсү кайдыгер жатса, көпчүлүк аялдардын кабыгы бүркөлө түшөт. Аны түшүнсө болот, баланы мектепке, бала бакчага даярдоо, эртең мененки тамак, жумушка даярдануу ж.б.
Бирок, жарым саатка эртерээк туруп “ишти” бүтүрүп таштасаңыз, анын пайдасы күйөөңүзгө караганда өзүңүзгө көбүрөөк тиерин айтканы жатабыз. Ага күйөөңүздүн жок деп айтпайт экени белгилүү. “Жок” деп жатса, ушундай макаланы окуп бериңиз, же шилтемесин “айтып” жиберсеңиз жетиштүү.
Тамашага таянсак да, жуурканды таңкы убакта “желпилдетүүнүн” пайдасы чынында түнкүдөн көбүрөөк тийет.
Уйкусу канган түгөйдүн кыймылы сергек болот. Жумуштан чарчап келип бала-чака менен ызуу-чуу болуп жатып жаздыкка башыңыз араң тийгенде көңүлүңүз дагы бир “жумушту” каалабайт деле. Ал эми эртең менен сүйүү кумарына батуу – уйкунун кануусуна, денеңиз сергек болуусуна алып келет.
Жылуу төшөктө – жылуу кучак. Кыштын күндөрү төшөктө жатып жылынып алганча уйку да келип жетет. Эртең менен ошол жылуу төшөктөн чыкпай эле көңүлгө ырахат тартуулаган “иш” менен алектенүүгө болот.
“Жайындачы” дейсизби? Түндө ансыз да ысып жатканда төшөк ишине кимдин көңүлү болсун?! Ал эми таңкы салкын абада төшөк оюуну менен алектене бериңиз.
Жумушка шашып, ишиңиз чачтан көп болгон учурда адамдын денесинде каалоо да тез ойгонот. Адатта түндө дене каалооңузду чакыра албай кыйналсаңыз, эртең менен ишти тез, ары натыйжалуу аяктоого болот.
Таңкы секс – ийгиликтүү күндүн кепили. Таңкы таттуу ырахаттын даамын алган адамдын күнү бою көңүлдүү жүрөрү белгилүү. Жумуш ордуңузга кыңылдап ырдап жетериңизге биз кепил. Кесиптештериңиз эмне болгонун жүзүңүздөн эле билип, жымыңдай калса, таң калбаңыз.
Уйкудан ойгоно албай түшкө чейин уйкулуу жүргөн адамдардын катарында болсоңуз, биз сунуштаган эртең мененки секс – чындап сизге арналган. Кофе ичип, сааттын үнүнө нерв короткончо, жолдошуңузга “таңкы 6:30да...” деп эскертип койсоңуз жетиштүү. Денеңизди күнү бою баскан түйшүктөн ошол күнү эле арылып чыга келесиз.
Таңкы төшөктө керектүү гормондор көбүрөөк бөлүнөт. Эртең менен жыныстык катнаш менен алектенген адамдын денесинде, маанайына түз катышы бар окситоцин менен эндорфин гормону адаттагыдан көбүрөөк бөлүнөт. Ошол күнкү маанайңыздын кандай болорун оюңузда болжолдой берсеңиз болот.
Эртең мененки тамакка табитиңиз ачылат. Адатта эртең менен тамак ичүүгө такыр табитиңиз жок болобу? Түшкө барып гана курсагыңыз ачып, колго тийгенди жеп же кофе менен ашказанды “чайкап” алып жүрчү белеңиз?! Анын ордуна сүйүү кумарына батсаңаз, кантип курсагыңыз ачпайт экенин көрөсүз! Эртең мененкиге деп даярдап койгон тамагыңыз жетпей калып жүрбөсүн, кечинде камдап коюңуз.