Жыныстык катнаш учурунда жигиттердин кулагына майдай жаккан үч сөздү билесизби?

28 октября 2019 Жыныстык катнаш учурунда жигиттердин кулагына майдай жаккан үч сөздү билесизби?

Ири сурамжылоого катышкан жигиттер жыныстык катнаш учурунда кандай мактоо сөздөрүн укканды жактырышарын айтып, агынан жарылды.

Статистикага таянсак, жигиттерди төшөк катнашы учурунда “мен сени сүйөм” деген сөз сүйүнтпөйт экени аныкталды.

Мындай пикирге келген Улуу Британия окумуштуулары 1000 эркекке сурамжылоо жүргүзүп, кулакка эң жагымдуу үч сөздү аныкташты.

Белгилүү болгондой, жигиттердин 44 пайызы төшөк катнашында “токтобочу” деген сөздү укканды жактыра турганы белгилүү болду. Экинчи орунга аялдардын “өзүмдү сонун сезип жатам” деген сөзү жайгашкан. Аны эркектердин 26 пайызы укканды каалайт.

Ал эми үчүнчү орунду “сенин уяттуу жериң ушундай чоң” деген мактоо сөзү ээледи. Бул мактоо эркектердин 17 пайызын сүйүнтөрү аныкталды.