Эркек болгон соң ЭРКЕК болуш керек, туурабы? Үйдө да, көчөдө да... жана төшөктө да...
Эркектердин ден соолугу өздөрүнүн гана эмес, аялдардын да назарында экендигин билесиздер да?! Ооба, аялга кайсы учур болбосун күчтүү эркек керек. Ошондуктан, “аны жебе, муну же” дей бере турган аялдар өзү менен катар күйөөлөрүн дагы ойлошот.
Мисалы, эркектердин жеп-ичкен тамактарын карап көрөлү. Алардын арасында зыяндулары, эркектик күчүн жоготкондору да бар. Анда тизме боюнча карап көрөлү.
1-орунда – сыра!
Ооба, эркектер үчүн эң зыяндуу ичимдик – сыра. Ал калориялуу эле эмес, курамында фитоэстрогендер көп. Ал эми бул гормон – аялдардагы “эстроген” гормонунун “жакын тууганы”. Ошондуктан, пивону көп ичкен эркектер толуп аган кетпей, акырындык менен “аялга” айлана баштайт. Анын бетин ары кылсын! Бул эркектердин эндокриндик системасына эки эсе сокку уруу деген сөз. Аны текшерип көрүүгө болот. Жөн гана эркектин белин өлчөп көрүү керек. Эгер анын белинин өлчөмү 94-95 см ашпаса, демек анда аялдык гормондор көбөйгөн эмес. Ал эми аталган өлчөмдөн ашып кетсе, анын денеси “аялга” айланып баратат деген сөз. Бул өз кезегинде төшөктөгү күчүн жоготуп, эркектик кебетесине зыянын тийгизет.
2-орунда – күчтүү алкоголь!
Алкоголь бүткүл адамдын организмине зыян экени белгилүү. Ал эми эркектердин аталык жумурткасы үчүн аны “өлүм” десе болот. Эркектин канында алкоголдун өлчөмү көбөйгөн сайын, анын тестостерону кемий берет. Эң коркунучтуусу – аталык уруктар кайра калыбына келбегендиги.
3-орунда – соя!
Соянын да эркектин күчүнө зыяны чоң. Себеби, анын да кырамында фитоэстроген бар. Демек, бул гормон эркектик тестостеронго каршы таасир этет. Бирок, сояны жакшы көргөн эркектерге өлчөмүн азайтып берсе, кооптуу болбойт.
4-орунда – кофе!
Кофенин сергитүүчү касиетинен башка пайдасы жок. Кофени жакшы көргөн эркектер ден соолугуна маани бергени оң. Анткени, бөйрөк үстүндөгү бездерге зыяны көп. Ал бездер стресс гормонун бөлүп чыгарат. Мындан улам, стресс гормону төмөндөп, эркектердин жыныс мүчөсү зыянга учурайт.
5-орунда – газдалган суусундуктар!
Мындай суусундуктан курамында кант өтө көп болот. Андан бөлөк боёктор дагы бар. Бир сөз менен айтканда, сен соолуука түк пайдасы жок. Баса, газдалган ичимдиктерди көп ичкен эркектердин организминде суу азайып, кан айлануу системасы тестостерондун молекулалары менен организмди камсыз кылууда кыйынчылыкка учурайт.