Молдомуса Конгантиев көчөгө аты коюлганы боюнча үн катты

24 октября 2019 Молдомуса Конгантиев көчөгө аты коюлганы боюнча үн катты

Молдомуса Конгантиев 2008-2010-жылдары ички иштер министри болуп эмгектенген. Ага кылмыш иши козголуп, тогуз жылдан кийин акталган.

Көчөгө ысымы берилип коомчулукта талкуу жараткан мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев комментарий берди.

Ал аты көчөгө коюлганын жакында эле билгенин айтууда. Бирок буга каршы эместигин, тескерисинче, ыраазы болгонун билдирди.

"Көчөгө атымды коюп жатканда мага айтышкан эмес. Бул тууралуу жакында эле бирөөдөн уктум. Коңшулаш көчөлөргө аты ыйгарылган генералдардын көзү өтүп кеткен. Эл мени сыйлап көчөгө атымды беришкенине ыраазы болдум, каршылыгым жок", — деди Конгантиев.

Белгилей кетсек, Бишкектин четиндеги Алтын-Ордо конушундагы (Полиция шаарчасы) көчөлөргө 2018-жылы алты генералдын аты ыйгарылган. Анын ичинен бир көчөгө Молдомуса Конгантиевдин ысымы берилгени коомчулукту таң калтырып, талкууга алынууда.

Молдомуса Конгантиев 2008-2010-жылдары ички иштер министри болуп эмгектенген. Ал Апрель коогалаңында Таласка барганда бийликке каршы чогулган эл тарабынан катуу сабалган. Ага карата Апрель окуясы боюнча кылмыш иши козголуп, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Шалаакылык" беренелери боюнча айыпталган. Бирок ушул жылдын июль айында Биринчи Май райондук соту аны актаган.

sputnik.kg