Үй-бүлөдө канчанчы баласыз? Биз сиздин мүнөзүңүздү айтып беребиз

24 октября 2019 Үй-бүлөдө канчанчы баласыз? Биз сиздин мүнөзүңүздү айтып беребиз

Үй-бүлөдөгү ортончу балдар ата-энесин башка бир туугандарынан кызганып, “сиздер мени жакшы көрбөйсүздөр!” деген сөздөрдү көп колдонот.

Ар бир адам өмүргө келгенден баштап, түрдүү мүнөзгө ээ болот. Кээ бир мүнөз адам туулганда кошо жаралса, кээ бирин жошоодон табат.

Жакшы да, жаман да мүнөзгө бизди курчаган адамдардын түздөн-түз тиешеси бар. Муну менен катар, үй-бүлөдө канчанчы бала болуп туулгандагына жараша да кулк-мүнөз калыптанат.

Бир ата-энеден туулуп, ар түрдүү мүнөзгө ээ болгондор бар. Аны ата-энелер да жакшы билет. Ошондуктан, ар бир баланын мүнөзүнө карап, жакшы тарбия берүү үчүн...

Ата-энелер эмнени билиши керек?

Үй-бүлөдөгү ЖАЛГЫЗ бала

  • Булар бир эле учурда үйдүн улуусу жана кичүүсү болот. чынында жалгыз өскөн балдардын мүнөзү атасына же апасына өтө окшош болот.
  • Ата-энесинин чектен ашык камкордугу баланын тарбияна терс таасирин тийгизет. Баланын өзүнө болгон ишеними жоголот. Мындан улам, коомдон бөлүнүп калат.
  • Ата-энесине ишенчээк болуп чоңойгондуктан, ар дайым бирөө жардам бериши керек деген түшүнүктө болот. Ошондуктан, бул балдар таоап кылууну адатка айландырып алат.
  • Башка балдарга салыштырмалуу жылгыздарда “Мен” деген түшүнүк жогору болот. өзү теңдүү балдардын арасында өзүнүн “күчтүүлүгүн” көрсөтүүгө аракет кылат.
  • Башка балдарга караганда тез чоңоёт. Анткени, ал бир гана чоң адамдардын курчоосунда өсөт.
  • Өзүн өтө жакшы көрөт. Кичинесинен көңүл борборунда болгондуктан, ошону жоготуп албоого аракет кылып, жанталашат.

Үйдүн УЛУУ баласы

  • Мактаганды, эркелеткенди жакшы көрөт. Үйдө кийинки бала төрөлгөнчө ата-эненин мээримине бөлөнүп өсөт.
  • Жоопкерчиликти сезе билет жана эмгекчил болот. Ушул мүнөзүнөн улам бой жеткенде бийиктиктерге жетишет.
  • Өзүнө көп ишене бербейт. Анткени, улуулардын акылына кулак салып, “кеңешип кескен бармак оорубайт” деген сөзгө ишенет.
  • Өзүнө карата айтылган сын-пикирди оор кабыл алат. Өзүнүн кемчилдигин мойнуна алуу булар үчүн кыйынга турат.
  • Өзүнөн кийинкилерге үлгү болсун деп, ата-энеси көп нерсени үйрөтүүгө аракет кылат. Өзүнө артылган жоопкерчиликти сезгендиктен, талапчыл болууга үйрөнөт. Бир туугандарына камкор келет.
  • Алдына койгон максаттарына жетүүгө аракет кылып, ага жетпейинче жаны жай албайт.

ОРТОНЧУ балдар

  • Өтө сабырдуу, адилеттүү жана өзүнө ишенимдүү болот
  • Ачуусу чукул болгону менен, чуу чыгарып, мүнөзүн көрсөтө бербейт.
  • Өзүн көрсөтүү үчүн аракет кылат. Аракети, албетте, текке кетпейт.
  • Улуулар менен кичүүлөрдүн ортосунда данакер болот. Ынтымак менен биримдикти сактоого тырышат. Уруш-талашты жек көрөт.
  • Ата-энесин башка бир туугандарынан кызганып, “сиздер мени жакшы көрбөйсүздөр!” деген сөздү көп колдонот.
  • Үйдүн улуусу менен кичүүсү булардын эң башкы “атаандаштары”. Алардын жетишкендиктери ортончу баланы жардамчы кылып көрсөтөт. Ошон үчүн атаандашуу менен өмүр сүрөт.
  • Келечегин ойлоп, максат коё билет. Өзүнүн оюн ачык айта билет. Башкарганды абдан жакшы көрүшөт.
  • Түрдүү адамдар менен мамиле түзүп, тил табышып келе алат.  

Үйдүн КЕНЖЕСЕ

  • Мүнөзү жумшак болот. Ага баары кам көрүп, эркелетип чоңойткондуктан, эч ким менен атаандашпайт, өзүнүн күчтүүлүгүн далилдөөгө аракет да кылбайт.
  • Жеке өзүнүн маселесин чечүү гана ойлошот. Бардык ишти тез бүтүргөндү жакшы көрүшөт.
  • Ата-энеси менен бир туугандары кенже балдар үчүн коомдук институтут. Ошолорду карап эле тарбияланып калат.
  • Күч колдонуу аркылуу натыйжага жетпейт экенин жакшы түшүнөт. Ошондуктан, максатка тез жетүү жолун эмес, шашылбай, ойлонуп, мыкты жолун тандай билет. Өтө аракетчил болушат.
  • Ата-энесинин каалоосуна көнө бербейт. Өзү каалаганды аткарууга аракет кылат.
  • Тажрыйбасы мол адамдардын арасында өскөндүктөн, адамдын психологиясын жакшы түшүнөт.

Кенжетайлар ага-эжелеринин жанында жүрүп, адамдар менен кандай карым-катнашта болуу керектишин жакшы билет.