Эркекке “ким менен болсо да” баары бир эмес!
Эгер моюнга ала турган болсок, төшөк үчүн да таарынышып калабыз. Арийне, аны ачык айтуунун кереги жок, бирок интимдик жашоосу ойдогудай болбогон жуптар четтен чыгат.
Албетте, уктай турган бөлмөгө жубайлар “от” болуп кирип, “суу” болуп чыкканы жакшы. Бирок, ар дайым эле ушундай боло бербейт. Аялдын “дем алыш” күндөрүнөн бөлөк, анын төшөк оюндарына каалоосу болбошунун бир нече себеби бар. Ошондой эле, эркектердин да өзүнүн себиби бар. Аны психологдор да, сексологдор да айтып келишет.
№ 1 себеп. Эркекке “ким менен болсо да” баары бир эмес!
Окумуштуулар аялдардын басымдуу көпчүлүгү төшөк катнашынан ырахат ала албашын айтышат. Эркектер түгөйүнүн көңүл коштугун көрүп туруп, төшөктөгү жылуулукту сырттан издей баштайт. Ошондуктан, аялдар эркектерге “керегин алса болду” деп эмес, “экөөбүз тең ырахатка баталы” деп мамиле кылгыла.
№ 2 себеп. Төшөктө өзүмчүлдүккө жол берилбейт!
Түгөйлөрдүн ичинде эркектер көбүнчө өзүмчүлдүккө жол беришет. Өздөрү каалаганын кылганды туура туура көрүшөт. Ушул себептен, аялдын каалоосу жоголуп кетет. Анын да каалоосу менен эсептешүү керек.
№ 3 себеп. Анатомиялык параметрлердин туура келбеши
Эгер аялдын жыныс кынынын тереңдигине караганда эркектин жыныс мүчөсү чоң болсо, жыныстык катнаш кезинде проблемалар жаралышы мүмкүн. Аялдын жан жери ооруп, көп өтпөй физикалык жакындыкка каршы боло баштайт. Жыныс кындын тереңдиги аялдын бою менен өлчөнөт. Аялдын бою узун болсо, жыныс кыны да терең болот. Бул көйгөйдү чечүү үчүн түрдүү позадарды колдонгон оң.
№ 4 себеп. Билбестик...
Жыныстык катнаш менен кандай алектенүүнү билбесе, түгөйүнүн эрогендик аймактарын билбесе, жыныстык катнаштан ырахат ала албайт жана өнөктөшүн иренжитип алат.
№ 5 себеп. Сексуалдык дисфункция
Аялдарда да, эркектерде да жыныстык катнаш учурунда боло турган проблемалар. Алардын бири, мисалы, эркектерде – эректилдүү дисфункция (импотенция, жыныс мүчөнүн турбашы) болсо, аялдарда – аноргазмия (жыныстык катнаштан ырахат албоо). Жубайлар көбүнчө мындай проблемаларын жашырып келишет. Чынында, бири-бирине ачык айтып, чечүү жолун бирге издегендери дурус болот.
№ 6 себеп. Жашынан жыныстык катнашка баруу
Эрте турмуш кургандардын (16-17 жашта) көбүндө жыныстык катнаш алгычкы жыныстык катнаш ийгиликсиз болуп, өмүр бою психологиялык жаракат кылтырышы мүмкүн. Ошондуктан, жыныстык жетилүү убактысын күткөн жакшы.
Жогоруда айтылган себептердин баарын чечүү жолдору бар. Болгону бири-бирине көйгөйлөр тууралуу өз убагында айтуу керек. Антпесе, үй-бүлөлү чоң проблемага айланып кетет.