Сооронбай Жээнбеков менен анын туугандарынын байлыгы жарыяланды

9 ноября 2018 Сооронбай Жээнбеков менен анын туугандарынын байлыгы жарыяланды

Мамлекеттик салык кызматы президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы декларациясын жарыялады.

Былтыр өлкө башчысы 891 миң сом иштеп тапкан. Анын эки үйү (бирөө дача) жана айыл чарбага ылайыкталган төрт жер тилкеси бар. Андан сырткары, МТЗ-80 үлгүсүндөгү тракторго ээ. Президент декларациясында жеңил автоунаасы жок экенин көрсөткөн.

Ал эми Жээнбековдун жакын тууганы 3,7 миллион сом тапкан. Анын батири, айыл чарбасына ылайыкташкан эки жер тилкеси жана Lexus үлгүсүндөгү автоунаасы бар.



Дагы: sputnik.kg