Эки эркек 8 саат зордукташкан: 25 жаштагы кыз терезеден секирип кетти

21 октября 2019 Эки эркек 8 саат зордукташкан: 25 жаштагы кыз терезеден секирип кетти

Россиянын Красноярск шаарында мурун соттолуп, жазасын өтөп чыккан эки эркек киши топтук зордуктоого айыпталды. Алардын зордуктоосунан кутуулууну каалаган кыз батирдин терезесинен секирип кетет.

Окуя 10-октябрда болгон.

Алдын ала айтылган маалымат боюнча, мурун соттолгон эркек кишилер түндө батирге 25 жаштагы сойку кызды чакырышкан.

Бирок, кыз эркек кишлер экөө экенин көрүп, интимдик кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан. Ошондо, эркектер эшикти бекитип, жабырлануучуга болжол менен 8 саат бою оюуна келгенин жасап, зордукташкан.

“Кыз эртең мененки саат 8дер чамасында батирдин терезесин ачып, секирип кеткен. Натыйжада кыз оор жаракат алган”, - дейт тергөөчүлөр.

Учурда шектүүлөр кармалган.