Аялдар кош бойлуу экенин түш көрүү аркылуу кантип билишкен?

17 октября 2019 Аялдар кош бойлуу экенин түш көрүү аркылуу кантип билишкен?

Курсагыңызда дагы бир тирүү жандын пайда болгону тууралуу түш аркылуу көрүнгөн белгилерге ишенесизби? Кош бойлуу кезинде аялдардын интуициясы жакшы иштей баштайт. Ошондуктан, ымыркай тууралуу түшүндө көрүүсү ажеп эмес. Боюнда бар кезде түш көрүү байыркы Индияда жакшы өнүккөн, анда аялдар баланын жынысына чейин анык биле алган. Анда эмесе кош бойлуу аялдардын түшү эмнени билдирерин назарыңыздарга сунуштайбыз.

Балык

Бирөөлөр дарыядан балык уулап жатат, дагы бирөөлөр деңиз жаныбарларына толгон сууга карап турат. Ал тургай түшүндө балыкты базардан сатып алгандар да бар. Белгилей кетсек бул кош бойлуулукту далилдеген бирден-бир анык түштөрдүн бири.

Эгер баланын жынысын да билгиң келсе, балыкты саткан адамды эсте сактап калууга аракет кыл. Сатуучу жигит болсо уул, аял болсо, кыз болот деген сөз. Кээде катарынан эки балык кармап алып жаткан болушат, анда эгиздер болушу мүмкүн деген сөз.

Жылан

Кош бойлуулуктан кабардар кылган экинчи түш – жыландар. Түшүңүздө жыландын чагып алуусу байыртан бери боюнда бар экендиктин белгиси. Албетте, илим муну ушул күнгө чейин далилдей албай келет, бирок аялдар ишенүүнү улантышууда.

Ата-эне болуу тууралуу жаңылыкты суу аркылуу да билүүгө болот. Түшүңүздө мөлтүр булакка чөмүлсөңүз, агып жаткан дарыядан суу ичсеңиз, же таза деңизде сүзүп бара жатсаңыз, балалуу болосуз деген сөз. Себеби суу өмүр бешигинин символу болуп саналат.

Балдар

Уктап жатып кичинекей балдарды көрүү – үй-бүлөңүзгө жаңы адамдын кошуларынын далили. Көптөгөн аялдар кош бойлуулуктун алгачкы күндөрүндө түшүндө бала менен ойноп жатканын, же сейилдеп жүргөнүн көрүшөт.

Кош бойлуу аялдардын түшүнө эмне кирет?

Жубайыңыз менен жалгыз эс алууга баруу, жаныбарлардын балдары, жумуртка, тоок, өрдөк, алма, гүлдөргө толгон ваза, бакча, козу карын терүү, дарбыз киреши мүмкүн.