Чоң көкүрөктүн артыкчылыгы менен кемчилиги кандай?

16 октября 2019 Чоң көкүрөктүн артыкчылыгы менен кемчилиги кандай?

Сууга түшүү мезгили башталышы менен кыз-келиндер салмак таштап, сүзүүгө арналган кийимдерди издей баштайт. Ал эми кээ бир төшү чоң кыздар үчүн эки эсе көйгөй жаралышы мүмкүн, себеби келбетине ылайык келген купальник табуу оңой эмес. Андай болсо чоң көкүрөктүн артыкчылыктары менен кемчиликтери кандай?

Акыркы он жыл бою көкүрөгү төртүнчү өлчөмдөн ашкан кыздар өздөрүнө жакпаган моделдеги ич кийимди кийүүгө аргасыз. Себеби, аларга өзүнө ылайык, ары кооз кийим табуу оңойго турбасы анык. Ошондуктан, кыздар мода менен табитти кийинкиге калтырган.

Чоң көлөмдөгү төш тарткычтардын көбү силикондуу төштөргө арналган. Башкача айтканда, кармап турууну талап кылбаган, бир гана сыртына кийгизип коё турган болуп келет.

Ал эми табият өзү тартуулаган өзгөчө төш ээлери жакшы кармап турган жана сырткы көрүнүшү да кооз төш тарткыч издөө менен алек болушат.

Сүзүүгө арналган кийимдер менен да ошондой. Төшү чоң кыздарга жогорку жагы туура келгени менен, ылдыйкы кийим чоң болуп жатат.

Алар көбүнчө суудан чыкканда денеден шыпырылып түшүп калган купальниктерге туш болуп жатканы ошондон.