Жубайлар тирүүлөй көмүлгөн наристени таап алышты

15 октября 2019 Жубайлар тирүүлөй көмүлгөн наристени таап алышты

Индияда жерге көмүлгөн наристе тирүү калды. Аны жубайлар таап алды.

Баланы үч күндөн кийин жубайлар таап алышкан. Жубайлар көз жумган кызын көмүү үчүн барышат. Ошол жерден алар баланын ыйлаган үнүн угушат.

“Бир саамга кызым тирилип кеттиби деп ойлодум, бирок добуш кандайдыр бир алысыраактан угулду” – дейт күбө Хитеш Кумар.

Жубайлар тезинен полицияга кабар берип, тез жардам чакырышат. Кыз ооруканага жаткырылды, азыркы учурда “үшүп калгандыктан, жандандыруу бөлүмүндө жатат”деп ооруканадан кабарлашкан.

Кызды куткарып калган жубайлар азыр анын жанында экендиги айтылды. Жубайлар кызды асырап алууну ниеттенишүүдө.