“Мыктысың...” деп билегимен сыйпалаганда денемди таракан бсып кеткендей болду”.
Ал азыр үй-бүлөлүү, намыстуу, кадимки кыргыз мырзасы. Сөздөн сөз чыгып кеткенде “Эч кимге айтпайм дедим эле. Бирок, ошондойлор көбөйүп кеткендиктен, силер менен бөлүшөйүн” деди достор арасында.
“Ал кезде бойдок элем. Жашмы 25тө. Жанып турган чагым эле. Коңшу өлкөгө кесибим боюнча иштөөгө чакыруу келди. Кайсы шаар экенин айтпай эле коёюн, бирок ошол окуядан кийин ал жерден безе качтым...
Жөндөмүмдү көрсөтүп, бир белгилүү ишканага жумушка орноштум. Мен сыяктуу жаштар көп экен, тез эле аралашып кеттим. Жетекчибиз да жаш эле, отуздар чамасында. Өз ишин мыкты билчү. Креативдүү идеяларды айтканда оозубуз ачылып калчу. Мен ошол жетекчибизди идеалдуу деп эсептечү элем.
Жаш болгон соң жумуштагы кыздарга да көз кырыңды саласың да. Арасынан бир сулууга көз салып, таттуу-паттуу алып берип жүрчү элем. Бир айдан кийин ушунчалык жактырып калдым, ал кыз кабинетимдин жанынан өтүп кетсе, мээм автоматтык түрдө иштебей калчу.
Бир күнү ошол сулуу жумуштан кийин калып, оор папкаларын жыйнашып коюшумду өтүндү. Менин оюм алып учту го, чиркин! Таңга чейин болсо да алып калчы” деп жаттым ичимден. Көңүлүмдү билдирүүгө убакыт келип жетти. Мурунку күнү тн ичинде уйкудан калганым да эсимден чыгып кетти.
Кыскасы, кечкисин сулууга жардам бердим. Экөөбүз жумуштарды бүүрүп, кофе ичип отурганда, жетекчибиз кирип келди. Мени анын кабинетине кирүүмдү суранды. Анын ачуулуу жүзүнө көрүп “мунун сулуусуна көз салып жүргөн жокмунбу?” деген ой келди. Бирок, мен дагы жактырган адамымды оңой эле алдырып койбойм да. Эгер андай болсо, эркекче сүйлөшүп, чечшип алабыз деп, шефимдин кабинетине кирдим.
Бирок, жетекчибиз кыз тууралуу эч нерсе айткан жок. “Сенин жардамың керек, кыз кете берсин” деди. “Уф!” деп жеңилдеп калдым, сыртка чыгып, кызды узатып койдум.
Жетекчим алдыма бир нече кагазды коюп туруп, оюмду сурады. Жаңы долбоор боюнча оюмду айтып жаттым...
Бир кезде терезенин алдында колун айкалыштырып алып, мнден көз албай турган жетекчимдин көзүнө көзүм урунду. Чочуп кетип, ошол кездеги абалымды өзүм да түшүнгөн жокмун... Жумушту эртерээк бүтүрүп чыгууга шаштым.
Андан кийин жетекчибизди көрүүгө дитим барбай жүрдү. Аны көрсөм эле менде жийиркенген, корккон, бир башкача сезим пайда болду. Ортодо жактырган кызым менен жакындашып кетип, алыпсып кеттим.
Бир нече ай өткөндөн кийин, бир долбоорду шашылыш бүтүрүш керек болду. Жалаң жаштар калып, галстукту чечип салып, кенен-кесир иштей баштадык. Ошол күнү сүйгөн кызымдын жумушта болбой эле койгону жакшы болор беле?
Жай мезгили болгондуктан, бети-колумду жууп алууга ажатканага кирдим. Бетимди жууп жатып, күзгүдөн арбактай болгон жетекчимди көргөндө селт этип чоочуп кеттим. Коркунучтуу кинодогудай болуп маңдайыма келип калыптыр. Эсимдий жыйганча, “мыктысың, спорт менен машыгасыңбы?” деп билегимден сыйпалаганда, денемде кумурскабы, тараканбы, бир нерселер басып жүргөндөй болду. Баягы эле көз карашы.
Ажатканадан атып чыктым. Башкаларга “шашылыш жумушум чыгып калды” деп кетип калдым. Жакшысы андан кийинки күндөр дем алыш эле. “Чын эле ошондойбу?” деген ой келди. Буга чейинки жийиркеничтүү жүрүм-турумун эстей баштадым. Кадимки эле эркектердей көрүнөт, мага эле ошондой сезилип жатабы деп, мээм жетпей койду.
Сүйгөн кызым үчүн жумушка дагы бардым. Бирок, башка жерден жумуш караштыра баштадым. Жетекчим менен тогошпоого аракет кылам.
Дагы бир жоругун айтсам шок болосуңар... Бир кесиптешибиз туулган күнүн кафеде өткөрүп калды. Кечибиз абдан кызып калган. Мен болсо сүйгөн кызымдын жанындамын. Жетекчим дагы бир кыз менен келген эле. Бирок...
Кеченин аяк ченинде ажатканага шашылыш кирдим. Эркектердики болгон соң, кабинканын эишин ичинен илип алууну унутуп коюпмун. Ишимди бүтүрүп чыгайын десем эле, жетекчим аркамда турат. Бир сөздөрдү айтып эле мага жакындай баштады. Көйнөгүнүн топчуларын чечип алыптыр. Кучагын жайып, адамдын кускусун келтирди. Колу денеме тийгенде денем муздай түштү.
Дароо эле сыртка чуркап чыгып, окшуп куса баштадым. Өзүмө келсем сүйгөн кызым суу алып, мени күтүп туруптур. Таксиде кетип баратканда сүйгөн кызым жетекчибизди бирөөлөр ажатканада уруп кеткенин айтты. Мен аны укпаган болуп, башым ооруп жатканын айта бердим...
Андан кийин ал жумуштан эмес, ал шаардан качып кеттим. Баса, андан эки-үч күн өткөндөн кийин “Кечир, ашыкча кеттим окшойт. Алдан ала айтышым керек эле...” деген сыяктуу билдирүү жазып жибериптир. Дароо эле номеримди алмаштырдым.
Ушул күнгө чейин ошол шаар мага гейлердин борбору болуп көрүнөт. Баргым келбейт”, - деп күлө сөзүн бүтүрдү.
“Сүйгөн кызыңчы? Ал эмне болду?” деген суроого “башканы таштасам да, аны калтырбай калайын” деп жооп берди.
Муну уккандан кийин адамдын башынан эмнелер гана өтпөйт деген ой келди...